КР Экономика жана коммерция министрлиги Telegram’да бизнес өкүлдөрү үчүн чат-ботун ишке киргизди

Новости
12-Октябрь 2022-ж.
1426

Интерактивдүү жардамчы бизнес чөйрөсүнө жана Кыргыз Республикасына көчүп келген чет элдик жарандарга биздин өлкөдө зарыл болгон эсепке алуу жана каттоо процедуралары боюнча маалымат алууну жеңилдетет.

Telegram’дагы чат-бот бөлүмдүн сайтында жайгашкан, иштелип чыккан беш бизнес колдонмолордун негизинде түзүлгөн. Эми популярдуу мессенжерде бир катар маанилүү темалар боюнча суроолорду берсе болот. Чат-бот үч тилде иштейт: кыргыз, орус жана англис тилдеринде.

“Эгерде сиз чет мамлекетке келип, бизнес ачууну көздөп жаткан болсоңуз, анда салык салуу принцибин гана эмес, эң негизги нерселерди: кайда баруу керек, эмнени алып баруу керек, ким менен байланышуу керек экенин билүү маанилүү. Биз бул суроолордун баарына нускаманын жардамы менен жооп берүүгө аракет кылдык”, - деп айтты КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова.

Кыргызстанда бизнести каттоо жөнүндө:

Мамлекетибиздин аймагында бизнесин өнүктүрүүгө ниеттенген Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат, алардын көпчүлүгү мамлекеттик органдарынан кеңири ачык маалыматтын жоктугу менен акталат. Чат-бот маалыматты системалаштурууга жана тиешелүү документтерди тезирээк алууга жардам берет.

Кыргызстанда салык салуу жөнүндө:

Чат-бот ишкерлерге өлкөдө салык төлөмдөрүн кандай режимде жүргүзүү керектигин аныктоого жардам берет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине бул жылдын башында олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Бизнес өкүлдөрүнүн компетенциясын кеңейтүү – Экономика жана коммерция министрлигинин милдеттеринин бири болуп саналат, ал ишкердикти мамлекеттик колдоону жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет. Кыргызстанда бул этапта жалпы салык режими жана атайын салык режимдери (патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салыктын негизиндеги жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы, электрондук соода чөйрөсүндөгү ишмердикке салык) колдонулууда. Режимди тандоо ишкердин жүгүртүү деңгээлине, юридикалык каттоо формасына жана анын ишинин түрүнө жараша болот. Чат-боттун жардамы менен аны түшүнүү бир топ жеңилдейт.

  ИТБ жөнүндө – Ишкерлерди тейлөө борбору:

Борбор Бишкек шаарында Бирдиктүү терезе негизинде түзүлүп, анда ар кандай мамлекеттик жана коммерциялык кызматтардын адистери топтолгон. 13 мамлекеттик кызматына жана үч банктын кеңсесине баруунун ордуна, бардык маселелерди бир жерден чечүү мүмкүн. Интерактивдүү ассистент ИТБнын дареги, иштөө убактысы жана андан алууга боло турган мамлекеттик жана коммерциялык кызматтар боюнча суроолорго жооп берет.

Кыргызстанда салык отчеттуулугу жөнүндө:

Кыргызстанда салык органдарына отчеттуулук милдеттүү түрдө электрондук формада тапшырылат. Жеке ишкерлер үчүн www.salyk.kg порталында арыз толтуруп, аны мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарына (МСКБ) тапшырып, жеке кабинетке кирүү жетиштүү. Уюмдар жеке кабинет аркылуу отчетторду тапшыруу үчүн Электрондук кол тамга алышы керек. Социалдык чегерүүлөр боюнча белгиленген формадагы отчетту да МСКнын сайтындагы электрондук калькулятордун жардамы менен толтуруу зарыл. Чат-бот бизнес өкүлдөрүнө керектүү шилтемелерди тез табууга, туура отчеттуулуктун мөөнөтүн аныктоого жана ишкердик ишинин түрүнө мүнөздүү зарыл отчетторду түшүнүүгө жардам берет.

«Санариптик көчмөн» статусу жөнүндө:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок  адамдарга «Санариптик көчмөн»  («Digital nomad») статусун ыйгаруу жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу» жобону кабыл алды, анда Кыргызстанга көчүп келүүчү адистер үчүн эң ыңгайлуу режим каралган. Бул статус бир катар мамлекеттердин жарандарына Кыргызстандын аймагында жүргөн жери боюнча каттоосуз жана ишке орношууга уруксаты жок жүрүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетет. «Санариптик көчмөн» (Digital nomad) статусунун ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоодон өтүү милдетинен, иштөөгө уруксат алуу зарылчылыгынан бошотулат, автоматтык түрдө жеке идентификациялык номерди жана башка көптөгөн нерселерди алат. Чат-боттун жардамы менен толук маалыматты интерактивдүү түрдө алууга болот.

Чат-ботко бул шилтеме аркылуу https://t.me/welcomekg_bot кошулсаңыз боло

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу