Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду

Новости
11-Октябрь 2022-ж.
1253

2022-жылдын 11-октябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлган.


КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов белгилегендей, Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.


Фонддун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзөт.Түзүлүшү жана схемасы Өзбекстан жана Венгрия менен биргеликте түзүлгөн фонддордун ишине окшош болот.


Бардык каржы ресурстарын азербайжан тарап берет. Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу