Азия өнүктүрүү банкы менен адистештирилген багыттар боюнча кызматташуу долбоорлорунун алкагында учурдагы кырдаал жана көйгөйлөр жөнүндө

Новости
11-Октябрь 2022-ж.
1200

2022-жылдын 10-октябрында Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева баштаган кыргыз делегациясынын Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы кызматташуу маселелери талкууланды. Учурда Кыргыз Республикасында АӨБ жардамынын аркасында өлкө үчүн экономиканын стратегиялык маанилүү тармактарында: энергетика, айыл чарба, транспорт, социалдык чөйрө ж.б.у.с. долбоорлор ишке ашырылууда.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Директорлор кеңешинде жетишилген жыйынтыктар тууралуу жана Азия өнүктүрүү банкы менен адистештирилген багыттар боюнча кызматташуу долбоорлорунун алкагында учурдагы кырдаал жана көйгөйлөр жөнүндө кеңири маалымат беришти. 

Министрдин орун басары В.Исаева директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө ишкердикти өнүктүрүү, жашыл каржылоо, аймактык интеграция жана кызматташуу жаатындагы иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Алсак, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги АӨБ тарабынан колдоого алынган Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтык программасынын улуттук координатору болуп, «Алматы-Бишкек экономикалык коридору» программасынын үстүндө иштеп жатат.

Жолугушууда тараптар мүмкүн болгон кызматташуу боюнча долбоорлорду талкуулашты. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, транспорттук коридорлорду жакшыртуу, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктарды башкаруу, аймактарды өнүктүрүү багытында жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Учурда 2023-2027-жылдарга АӨБ менен Кыргызстандын жаңы Өнөктөштүк Стратегиясы иштелип чыгууда, анын максаты инклюзивдүү жана туруктуу өсүүгө көмөктөшүү, адамдык өнүгүүнү жана жашоонун сапатын жакшыртуу болот.

Мындан тышкары, тараптар АӨБнын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнө, эки тараптуу кызматташуунун келечегине, жалпысынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тиешелүү маанилүү маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу