Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүшөт

Новости
10-Октябрь 2022-ж.
1384

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюуну пландап жатышат.

Фонддун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзөт.Түзүлүшү жана схемасы Өзбекстан жана Венгрия менен биргеликте түзүлгөн фонддордун ишине окшош болот.

Бардык каржы ресурстарын Азербайжан тарап берет. Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 11-12-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Сапардын алкагында Садыр Жапаров аны менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу