Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрүштү

Новости
08-Октябрь 2022-ж.
1126

2022-жылдын 8-октябрында министрдин орун басары Искендер Асылкулов жетектеген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Жаш Гвардия боюндагы шаардык транспорттун акыркы аялдамасынан баштап (Жаш Гвардия) аймагында Маевка айылы) айланып өтүүчү жолго чейин (Бишкек-Торугарт автожолу) 2 км. ишембилик өткөрүштү. Тактап айтканда, кызматкерлер – 260 адам жолдун аймагында жана ага чектеш арыктарда 150дөн ашык мүшөк таштандылар жыйналган аймактарда тартипти жана тазалыкты калыбына келтирүү максатында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.

«Улуттук тазалык күнүнө» арналган Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана поселкаларынын аймактарын социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жыл сайын жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.

Маалымат иретинде:

Сентябрдын башында президент “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыкка жана 2023-2025-жылдарга тиричилик таштандыларын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планына кол койгон.

Документте сентябрь айынын ар үчүнчү ишембисинде жана апрель айынын үчүнчү ишембисинде Улуттук тазалык күнү өткөрүлө тургандыгы каралган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу