Кыргыз Республикасынан Европага айыл чарба продукциясын экспорттоо жана алдыга жылдыруу боюнча Академияны түзүү жөнүндө

Новости
07-Октябрь 2022-ж.
1174

2022-жылдын 30-сентябрында БУУнун ЕЭК Аткаруу комитетинин кезектеги сессиясы болуп өттү.

Комитеттин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Нурбек Максүтов атаандаштыктын күчөшүнүн фонунда дүйнөлүк соода системасындагы өлкөлөр ортосунда, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн институционалдык негиздерди түзүү, Кыргыз Республикасынын муктаждыгы тууралуу баяндама жасады. 


Тактап айтканда, Н.Максүтов Экспорт академиясын түзүп, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын жана тигүү өнөр жайынын продукциясын Европанын рынокторуна экспорттоого көмөктөшүү зарылдыгын белгиледи.


Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун 12-министрлер конференциясынын алкагында. КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев БУУнун ЕЭКтин Аткаруучу директору О.Алгаерова менен жолугушууда биринчи жолу Кыргызстан менен БУУ ЕЭКтин ортосундагы экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча кызматташуунун келечегин жарыялап, Кыргыз Республикасындагы Экспорт Академиясын түзүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган эле. 


Андан соң министр белгилегендей, азыркы учурда дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыктын шарттары Кыргызстандын товарларынын экспорттук рынокторун өнүктүрүү боюнча аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзгөн, кесипкөй, сапаттуу жана экспортко багытталган кадрларды даярдоону уюштурган эффективдүү институтту ишке киргизүүнү талап кылууда.


Министр ошондой эле БУУ ЕЭКтин ишинин дагы бир маанилүү багыты экспорттоочу компаниялар үчүн пилоттук экспорттук операцияларды колдоо үчүн консультациялык жана финансылык колдоо көрсөтүү болорун белгиледи.


Ошентип министр Д.Амангелдиев көтөргөн бул демилге Н.Максүтовдун БУУ ЕЭК Аткаруу комитетинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө да чагылдырылды. Ал белгилегендей, Экспорт академиясы кыргызстандык фермерлерге жана потенциалдуу айыл чарба продукциясын экспорттоочуларга жана текстиль өнөр жайына экспортту илгерилетүү жана эл аралык соода жаатында фундаменталдуу билимдерди үйрөтүү үчүн түзүлөт.


Академиянын маанилүү миссиясы агроөнөр жай комплексинде жана тамак-аш өнөр жайында чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү болгон потенциалдуу экспортерлордун кеңири чөйрөсү үчүн практикалык окуу программаларын системалуу түрдө ишке ашыруу болуп саналат.


Кыргыз Республикасы үчүн дагы бир приоритеттүү долбоор өлкөнүн жогорку экспортко багытталган айыл чарба продукциясын европалык рынокко жылдыруу боюнча БУУнун ЕЭКтин колдоосу болуп эсептелет. Сунушталган долбоордун алкагында экономиканын ар кандай секторлорунан бир нече потенциалдуу фирмалар тандалып алынат, бул субъекттер үчүн экспорттук жол картасы иштелип чыгат жана алардын продукциясын жеткирүүнүн бардык тизмеги колдоого алынат.


Бул эки жол Кыргызстандын глобалдык жеткирүү чынжырларына жакшыраак жана тезирээк интеграцияланышына жардам берет, анткени өлкө деңизге чыга албагандыктан, транспорттук чыгымдардын чоңдугуна жана дүйнөлүк рынокко чыгуучу узак аралыктарга туш келет, бул Кыргызстандын соодасын толук пайдалануу үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу