Кыргызстан Экономикалык өнүгүү кызматташтык фонду (EDCF) менен кызматташууну кеңейтүүгө ачык

Новости
07-Октябрь 2022-ж.
1317

2022-жылдын 7-октябрында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Экономикалык Өнүктүрүү Кызматташтык Фондунун (EDCF) Башкы директору Ким Тэ Су мырза менен жолугушту.

Тараптар кызматташуу маселелерин, анын ичинде Корея Республикасы тарабынан 2022-жылдын январында кабыл алынган Кыргыз Республикасына көмөктөшүү стратегиясынын алкагында: жашыл экономикага өтүү, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана айыл жеринде өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, мамлекеттик сектордо санариптештирүүнү колдоо, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана жаңыланма энергиянын технологияларын киргизүү сыяктуу тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты. 

Министр Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасы Экономикалык Өнүктүрүү Кызматташтык Фонду (EDCF) менен EDCF ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары: ГЭСтерди, ооруканаларды, суу менен камсыздоо жана канализацияны куруу аркылуу экономикалык өнүгүүнү колдоо боюнча кызматташууну чыңдоого жана кеңейтүүгө ачык экендигин билдирди. 

Министр Д.Амангелдиев кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик линияны ачуу, анын ичинде лизингге курулуш жана жол техникаларын берүү жолу менен кароону сунуштады.

Мындан тышкары, Тараптар Кыргыз Республикасы үчүн чоң мааниге ээ болгон жана заманбап медициналык жабдуулар менен жабдууга, медициналык кадрларды аны колдонууга окутууга,  көрсөтүлгөн медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана сапатын жогорулатууга багытталган клиникалык инфекциялык оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар жемиштүү кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө ишеним билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу