КР ЭКМ башчысы KOICA президенти менен жолугушууда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы кызматташууну макулдашты

Новости
07-Октябрь 2022-ж.
1165

2022-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев KOICAнын президенти Сон Хюк Санг мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жыл маанилүү экенин, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатканын белгилешти. Тараптар учурда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү өңдүү тармактарда жалпы суммасы 48 миллион доллардан ашык ишке ашырылып жаткан 10 долбоор, адам ресурстарын өнүктүрүү программасы жана волонтердук программа боюнча пикир алышты.

Өз кезегинде KOICAнын президенти Сон Хюк Санг мырза KOICAнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жакшы координацияланган ишин белгилеп, социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана  өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгына багытталган долбоорлорду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Министр Д.Амангелдиев өз кезегинде кореялык тарапты KOICAнын контр-өнөктөшү катары кыргыз тарап KOICAнын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин толук кандуу иштешине ар тараптуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы жылдарга артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы жемиштүү кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу