Сеул шаарында экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын 5-жыйыны өтүүдө

Новости
06-Октябрь 2022-ж.
1228

2022-жылдын 6-октябрында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын 5-жыйыны өтүүдө.

Жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланууда.

Тараптар Кыргыз Республикасында инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду, гранттык жана техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды ачуу, бизнес-форумдарды жана бизнес-миссияларды уюштуруу, Корея тараптын катышуусу менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин,  республиканын санариптик трансформациясында жашыл экономика, өнөр жай, энергетика, туризм, маданият, спорт аркылуу кызматташууну да карашууда.

Ошондой эле тараптар экология, саламаттыкты сактоо, билим берүү, инновациялар, аймактарды өнүктүрүү, салыктарды башкаруу, жаштар саясаты, почта, айыл чарба жана башка тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу