Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин кезектеги отуруму жөнүндө

Новости
05-Октябрь 2022-ж.
956

2022-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин Катчылыгы (Координациялык кеңеш) – Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен биргеликте Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Кеңешти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеген.

Тактап айтканда, Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары биринчи кезекте өнүктүрүү институттарынын бардык күч-аракетин Баткен облусундагы ишкерлерди колдоого жана жалпы аймакты өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Долбоордук кеңсе түзүү боюнча маалымат берди, анын максаты ишкерлерди каржылоо жана сапаттуу бизнес долбоорлорду даярдоо жагынан колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул чара Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттары жана мамлекеттик банктар аркылуу каржылоо процессин жеңилдетет жана тездетет.

Мындан тышкары, жолугушууда бир катар өнүктүрүү долбоорлору каралды, мисалы:

-Баткен районунда жыгач иштетүүчү цехти түзүү, гипсокартон чыгаруу, дары чөптөрдү өстүрүү. Жалал-Абад облусунда жаңгак пастасын жана жаңгак азыктарын өндүрүү, Чүй облусунда соода-логистикалык борборду жана базальтты кайра иштетүүчү заводду куруу.

Бул долбоорлорду карап чыгып, төраганын орун басары өнүктүрүү институттарына долбоорлорду мындан ары өнүктүрүү жана аларды каржылоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Ошондой эле кийинки жолугушууну Баткен облусунда өткөрүү, облусту өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлор менен кеңири таанышуу чечими кабыл алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу