Региондордун социалдык-эконгомикалык өнүгүүсүн изилдөө боюнча консултацияларды улантуу жөнүндө

Новости
05-Октябрь 2022-ж.
1201

2022-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Экономика жана коммерция министрлигинде Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы жакырчылык жана бакубатчылык боюнча миссиясы менен жолугушту.

Жолугушууда министрдин орун басары Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык абалы тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын аймактарын, өзгөчө Баткен облусунун экономикасын комплекстүү өнүктүрүү Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.

Өз кезегинде миссиянын башчысы, Дүйнөлүк банктын жакырчылык жана бакубаттуулук боюнча глобалдык практикасынын жетекчиси Салман Заиди мырза учурда Кыргыз Республикасы менен 2023-2028-жылдарга өнөктөштүктүн алкактары иштелип жатканын билдирди. Ошону менен бирге Дүйнөлүк банктын командасы Кыргыз Республикасынын аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча изилдөө жүргүзүүнү пландаштырууда. Бул изилдөөнүн максаты - маалыматтарды жергиликтүү жана республикалык деңгээлде пландаштырууда пайдалануу, бюджеттер аралык мамилелерди пландаштырууда маалыматтарды пайдалануу жана региондордун жана райондордун өнүгүүсүндөгү дисбаланстарды аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн изилдөө боюнча консультацияларды улантууга макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу