Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси: Жыл башынан бери мамлекеттик ишканалардын кирешеси 9,5 миллиард сомдон ашты

Новости
04-Октябрь 2022-ж.
1012

Алдын ала маалыматтар боюнча, 9 айда мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жана акционердик коомдордун таза кирешеси 9,8 миллиард сомду түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын аягына карата акционердик коомдордун жалпы кирешеси 11 миллиард сомду түздү.

«Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 8,5 млрд сом күтүлүп жатат. Мамлекеттик ишканалар өткөн жылды 2 миллиард сом таза киреше менен аякташты. Быйыл тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 300 миллион сом түшөөрү күтүлүүдө», - деди М.Бакиров.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө фонд мамлекеттик ишканалар ижарага алган жерлерди аныктоо боюнча иш алып барууда, анын эсебинен былтыркы көрсөткүчтөрдөн ашып кетиши күтүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу