Форумда салык тармагындагы мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланды

Новости
04-Октябрь 2022-ж.
1205

2022-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «Бизнес Ассоциация ЖИА» Юридикалык жактардын Ассоциациясы менен биргеликте «Салык реформасы жана анын Кыргыз Республикасындагы ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири» Улуттук форумун өткөрдү. Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик администрациянын, аткаруу бийлигинин, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачып жатып, министр Данияр Амангелдиев форумдун негизги максаты экономика жана менеджмент тармагындагы пикир жана билим, тажрыйба алмашуу экенин белгиледи. Учурдан пайдаланып, ал ЖИА Бизнес Ассоциациясына, Азия өнүктүрүү банкына жана Эл аралык каржы корпорациясына (IFC) бүгүнкү иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Салык кодекси салык саясатын ийгиликтүү ишке ашыруунун социалдык маанилүү инструменти болуп санала тургандыгын, ал ошондой эле мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы укуктук өз ара аракеттенүүнүн гаранты катары да иштээрин айтты.

Маалым болгондой, 2022-жылы салык системасын турукташтыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди. коомчулук жалпысынан Салык кодексинин түзүмүн жана принциптерин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жол бербөөнү сунуштады.

Жаңы кабыл алынган кодекстин максаты - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ыңгайлаштыруу, салык процедураларын санариптештирүүнү андан ары өркүндөтүү, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартуу.

Ошону менен бирге мамлекет көмүскө секторду рынок экономикасынын укуктук компонентине дайыма трансформациялоо үчүн өлкөнүн экономикасынын расмий тутумуна да, анын көмүскө бөлүгүнө да таасир этүүчү механизмдерди түзүү жана өркүндөтүү боюнча мындан аркы чараларды көрүшү керек», - деди министр баса белгиледи.

Анын айтымында, көмүскө экономикага мамлекеттин таасиринин багыттарынын бири болуп төмөнкүлөр саналат:

- жарандарды мыйзамдуу экономикалык иш жүргүзүүгө түрткү берүү үчүн мамлекетте экономикалык мыйзамдарды түзүү. Анда мыйзамдуу ишкердиктин чек аралары жана бул мыйзамдарды бузгандык үчүн чаралар белгиленет;

- ишкерлерди мамлекеттик колдоо жана таза атаандаштыкка жакын шарттарды түзүү;

- мыйзамды сыйлаган рыноктун катышуучуларына административдик тоскоолдуктарды жана административдик басымды азайтуу;

- салык мыйзамдарын өркүндөтүү жана бардык деңгээлдеги бюджеттерге зыян келтирбестен салык жүгүн жана салык ставкаларын төмөндөтүү процессин, натыйжалуу салык контролун камсыз кылуу.

2021-жылдын 2-декабрындагы жана 2022-жылдын 26-июлундагы кайрылуусунда өлкө президенти да ущуну белгилеген.

Андан ары КР ЭКМдин салык саясаты башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Ысабеков салык чөйрөсүндөгү мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорунун презентациясы менен тааныштырды, анын милдеттери башка маселелер менен катар чарбалык субъекттерди колдоо, салыктык-укуктук мамилелер жагынан кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатуу, ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу салык климатын жана бизнес чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

Форумдун жүрүшүндө панелдик талкуулар да өттү.


Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында мамлекеттик органдардын, Бизнес-акыйкатчы институтунун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда түрдүү чөйрөдөгү ишкердик  өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар болуп өттү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу