КР Монополияга каршы органы рынок шарттарында жаңы ыкмаларды ийгиликтүү колдонууда

Новости
03-Октябрь 2022-ж.
1127

2022-жылдын 3-октябрында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Аманкан Кенжебаев менен Султанбай Айжигитов Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын иши тууралуу айтып беришти (мындан ары - Кызмат деп аталат).

Монополияга каршы орган статистика менен гана алектенет жана рынок экономикасында жаңы ыкмаларды колдонбойт деген дооматтар айтылды.

Кызмат депутаттардын бул позициясы менен таптакыр макул эмес.

Кант базарында жүрүп жаткан иштер тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы буларды билдирет.

Кант социалдык жактан маанилүү товар болуп саналат жана бул рынок монополияга каршы органдын өзгөчө көңүл буруусунда турат.

Кант рыногундагы баа конъюнктурасына мониторинг аналитикалык иштерди жүргүзүү жана рынокко таасир көрсөтүү боюнча чараларды андан ары иштеп чыгуу максатында жүргүзүлөт. Ошондой эле дүйнөлүк тенденциялар изилденип, башка мамлекеттердин ички рынокторун коргоо боюнча ар кандай чараларды киргизүүдө алардын шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү салыштырылат. Алардын тажрыйбасы биздин республикада өздөштүрүлүп колдонулууда.

Монополияга каршы орган үстөмдүк кылуучу субъект болуп саналган ата мекендик өндүрүш ишканалары – «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААКсы менен да мыйзам чегинде иш алып барат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда монополияга каршы мыйзамдар үстөмдүк кылуучу субъектилердин баасын мамлекеттик жөнгө салууну караштырбайт, алардын ишмердүүлүгүнө экономикалык жана статистикалык мониторинг гана жүргүзүлөт. Ал эми монополияга каршы органга рынокто кошумча рычагдарды бере турган “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору азырынча кабыл алына элек.

Ушуга байланыштуу монополияга каршы орган экинчи жылдан бери рынок шартында жаңы ыкмаларды ийгиликтүү колдонууда.

Рынокко таасир этүүчү рычагдардын бири ата мекендик кант заводдору менен ири соода түйүндөрүнүн жана чакан тармактардын, ошондой эле жеке дүкөндөрдүн ортосунда Макулдашуунун түзүлүшү болду. Бул Келишимдин максаты калк үчүн жеңилдетилген кантты сатуу болгон.

Биздин тажрыйбабыз башка өлкөлөрдөн келген кесиптештерибиз тарабынан бааланып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде гана эмес, коңшу өлкөлөрдө да өз колдонуусун тапты.

Мындан тышкары, Кызмат Министрлер Кабинетинин ички рынокту коргоо боюнча көптөгөн чечимдеринин демилгечиси болгон – бул импорттук өндүрүштөн тартып керектөөчүгө кантты акыркы сатууга чейинки бардык чынжыр боюнча КНСти нөлгө түшүрүү. Бул республикадан кантты экспорттоого тыюу салат.

Кызмат ЕЭК менен иштөөнүн алкагында республикага кантты алымсыз ташып келүүнү камсыз кылууга катышкан жана республикага кант жеткирүүчүлөр менен үзгүлтүксүз иштешкен.

Кант жетишсиз болгон республиканын аймактарына да Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу жеткирилген.

Кызмат тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында учурда канттын тартыштыгы жок, бул продуктунун баасы туруктуу. Ошол рынокту кант менен толуктоо жана анын баасын ооздуктоо үчүн эң ыңгайлуу улуттук режим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө кант заводдорунда кант кызылчасынын 1 тоннасын 6200 сомдон кабыл алуу башталды. Кант кызылчасын өндүрүү 5-октябрда башталат.

Ал эми бул бир эле базар үчүн мисал.

Кызматтын эл чарбасында канчалык зор мааниге ээ экендигине төмөнкү фактылар күбө.

Кызмат тарабынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында бюджеттин киреше бөлүгүнө 125 млн сом, өткөн жылы 170 млн сом чогултулуп, 20 млн сомдон ашык каражат керектөөчүлөргө кайтарылган.

Ошондой эле, акыркы 3-4 жылда жөнгө салынган аймактарда баанын көтөрүлүшү байкалган жок, бул дагы Кызматтын салымы болуп саналат.

Мындан тышкары, Кызматтын ишмердүүлүгү атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө багытталган жана төмөнкү беш багыт боюнча ишке ашырылат:

- табигый монополияларды жөнгө салуу;

- үстөмдүк кылуучу субъекттердин ишине мониторинг жүргүзүү;

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;

- жарнак ишин контролдоо;

- метрологиялык көзөмөл.

Социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүү жана азык-түлүк рынокторундагы кырдаалга байкоо жүргүзүү кошумча функциялар болуп саналат жана аларды натыйжалуу аткарат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу