ПРЕСС-АНОНС: Бишкекте Салык реформасы жана анын КР ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири улуттук форуму өтөт

Новости
03-Октябрь 2022-ж.
1018

2022-жылдын 4-октябрында саат 9:00дө «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасында (Советская көч., 191), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «ЖИА Бизнес Ассоциациясы» Юридикалык жактардын Ассоциациясы менен биргеликте “Салык реформасы жана анын Кыргыз Республикасындагы ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири” Улуттук форумун өткөрөт.


2022-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин ишке кириши менен олуттуу өзгөрүүлөр болуп, салык салуунун заманбап ыкмаларына өтүү жана дүйнөдөгү учурдагы кырдаалды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы “Чакан бизнести колдоо, жагымдуу салыктык климатты түзүү жөнүндө” жана “Чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө” 2022-жылдын 26-июлундагы жарлыктардын максаттары кичи жана орто бизнести колдоо жана салык чөйрөсүн жакшыртуу, ставкаларды төмөндөтүү жана белгилүү преференцияларды берүү болуп саналат.


Президенттин жарлыктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле бизнес-коомчулуктардын сунуштарын жана демилгелерин эске алуу менен “Салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып демилгеленген.


Буга байланыштуу ачык мамлекеттик-жеке диалог аркылуу салык мыйзамдарын өркүндөтүү актуалдуу болуп эсептелет.


Бул форумга катышууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Администрациясынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу