Экономикалык Кызматташтык Уюмунун регионунда перспективдүү долбоорлорду кредиттөө маселелери жөнүндө

Новости
01-Октябрь 2022-ж.
1165

Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин кезектеги 95 жана 96-жыйындары аяктады. Бул жолугушууда Кыргыз Республикасынан КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов катышты.

Жыйында банктын 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы бекитилип, катышуучулар Экономикалык Кызматташтык Уюмунун аймагындагы келечектүү долбоорлорду кредиттөө маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, мүчө-мамлекеттер үчүн Өлкөнүн өнөктөштүк стратегиялары жана Банктын ишмердүүлүгүнүн башка маселелери бекитилди.

Соода жана өнүктүрүү банкынын мүчө мамлекеттери болуп Түркия Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Афганистан Ислам Республикасы, Азербайжан Республикасы жана Кыргыз Республикасы саналат.

Соода жана өнүктүрүү банкы биргелешкен долбоорлор аркылуу мүчө мамлекеттерде жеке жана мамлекеттик сектордун инвестициясын, кызматташтыкты, өнүгүүнү жана жумуш орундарын түзүүнү стимулдаштырууга жана жеңилдетүүгө багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу