Мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасын реформалоо маселелери боюнча

Новости
30-Сентябрь 2022-ж.
1342

2022-жылдын 30-сентябрында Экономика жана коммерция министрлигинин Чоң залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана негизги мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ортосунда мамлекеттик компаниялардын башкаруу системасын реформалоо боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Министрдин орун басары Искендер Асылкулов куттуктоо сөзүндө бүгүнкү күндө мамлекеттик секторду өнүгүүнүн локомотиви жана экономикага инвестиция тартуунун куралы катары кароого болорун, бул көптөгөн аспектилерде ишканаларды башкарууга болгон мамилени кайра карап чыгууну талап кылаарын белгиледи.

Жумушчу кеңешменин катышуучуларына, Дүйнөлүк банктын эксперттер тобуна мамлекеттин менчик ээси катары функцияларын уюштуруунун колдонуудагы моделдери, мамлекеттик компанияларды башкаруу боюнча мыкты эл аралык тажрыйбалар, анын ичинде, мисалы, Темасек, Хазанах Насионал, Мубадала, Самрук Казына холдингдери.улуттук башкаруучу холдингдердин концепциясы сунушталды. 

Президенттик администрациянын саясий-экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов өзүнүн бет ачарында мамлекеттик компанияларды башкаруунун сапаттык жаңы моделин куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Министрлер Кабинети мамлекеттик ишканаларды ресурстарды жана жүгүртүү каражаттарын камсыз кылуу үчүн каржылоо маселелерин чечип жатат, ошол эле учурда ар бир компания башкаруунун натыйжалуулугун баалоо системасын жана корпоративдик башкаруунун жогорку стандарттарын киргизүүнү талап кылат.

Өз сөзүндө А.Исанов ошондой эле сапатты башкаруу системасын куруудагы философия холакратиялык мамиле болушу керектигин белгиледи.

Баяндамалардын жана баяндамачылардын сүйлөгөн сөздөрүнүн жыйынтыгы боюнча жыйындын катышуучулары мамлекеттик ишканаларда башкаруу органдарынын кесипкөй жана компетенттүү курамын түзүүнүн жана эл аралык капитал рыногуна келечектүү мамлекеттик компанияларды корпоративдик башкаруунун туура жолунун маанилүүлүгүн моюнга алышты. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу