Министр Д.Амангелдиев ШКУга мүчө мамлекеттердин министрлеринин 21-жыйынына онлайн режиминде катышты

Новости
28-Сентябрь 2022-ж.
1366

2022-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу министрлеринин онлайн режиминде өткөн 21-жыйынына катышты.

Кеңешмени Кытай Эл Республикасынын соода министри Ван Вэнтао мырза алып барды.

Күн тартибине ылайык, делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде соода-инвестициялык жол-жоболорду либералдаштыруу жана жеңилдетүү, көп тараптуу соода системасын, өндүрүш жана жеткирүү чынжырлары, өз ара байланыш, санариптик экономика, аймактык соода-экономикалык кызматташтык жана башка багыттар боюнча чыгып сүйлөштү.

Мындан тышкары, жыйындын алкагында ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлер) пандемиядан кийин экономиканы туруктуу калыбына келтирүүгө көмөктөшүү жөнүндө билдирүү долбоору боюнча Кытай тараптын жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлер) кеңешинин кезектеги отурумунун алкагында бекитүүгө пландалган ШКУга мүчө-мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча отчеттун долбоору боюнча ШКУнун катчылыгынын маалыматы угулду.

Тараптар ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин көп тараптуу соода системасын колдоо жөнүндө билдирүүсүн жана жеткирүү чынжырлары тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгү үчүн жооптуу министрликтери менен ведомстволорунун ортосундагы меморандумду кабыл алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Маалымат үчүн:

Бул министрлер жыйыны 2022-жылдын 1-ноябрында Кытай тараптын төрагалыгы астында видеоконференция форматында өткөрүлүшү пландалган ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алдында өттү. ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу министрлеринин кезектеги 22-жыйыны 2023-жылы Кыргыз Республикасында өтөт

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу