Креативдүү индустрияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө

Новости
28-Сентябрь 2022-ж.
1413

2022-жылдын 27-сентябрында Бишкекте өтүп жаткан «Антиконтрафакт» X юбилейлик эл аралык форумунун алкагында «Креативдүү индустрияны системалуу колдоонун аспекттеринин бири катары контрафакт менен күрөшүү» панелдик талкуусу болуп өттү.

Бул талкууда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова сөз сүйлөп, креативдүү тармактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга, Кыргыз Республикасынын кабыл алынган “Креативдүү индустрия паркы” мыйзамына токтолду. Тактап айтканда, контрафакттык продукциянын чыгармачыл тармактын өнүгүшүнө тийгизген терс таасирине токтолду.

Жалпысынан форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналат.

Форумда ошондой эле ЕАЭБ мыйзамдарын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө позитивдүү эл аралык тажрыйбаны киргизүү, ЕАЭБде интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү, интеллектуалдык менчик объектилерин коргоонун механизмдерин өркүндөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле продукциянын шайкештигин жана продукциянын сапатын эффективдүү контролдоону, инновациялык технологияларды киргизүүнү, товарлардын жүгүртүүсүн аныктоо жана көзөмөлдөө максатында маалыматтык технологияларды жана техникалык каражаттарды колдонуу, ЕАЭБ мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун ишинин маалыматтык ачыктыгына көмөк көрсөтүү, өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугу жөнүндө сөз болду.

Форумдун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ЕЭК, «Антиконтрафакт» Эл аралык ассоциациясы. Форумдун оператору: Кыргызпатент.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу