Эксперттер мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы мыйзамды талкуулашты

Новости
26-Сентябрь 2022-ж.
1081

Бишкекте “Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эки күндүк семинар өттү.

Семинарга Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Финансы министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү , Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Семинардын максаты – мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сервистик моделинин концепциясында каралган сунуштарды эске алуу менен «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун андан ары тактоо.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынган 7 жылынын ичинде аны ишке ашыруунун жүрүшүндө бир катар маселелер пайда болду. Бул маселелер кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүүгө жана жаңы классификацияны киргизүүгө, ошондой эле ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө системалуу мамилени эске алуу менен мамлекет менен коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы моделин калыптандырууга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тармагына тиешелүү.

Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылган «Жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу