Региондорду өнүктүрүү фонду жөнүндө Типтүү жобо бекитилди.

Новости
23-Ноябрь 2014-ж.
2444
КР Өкмөтү тарабынан Региондорду өнүктүрүү фонду жөнүндө типтүү жобо бекитилди. Ал региондорду өнүктүрүү фондун түзүү жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын каржылоого пайдаланылуучу кирешелердин же башка келип түшүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүнөн чегерүүлөрдүн жана максаттуу багыттагы башка конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруунун эсебинен мыйзамдарга ылайык түзүлүүчү акча каражаттарын чегерүү тартибин аныктайт.

«Региондорду өнүктүрүү фонду жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбооруна негиздеме-маалымкат

«Региондорду өнүктүрүү фонду жөнүндө» Типтүү жобонун (мындан ары «Жобо») долбоору «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы №149 Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана ал региондорду өнүктүрүү фондун түзүү жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын каржылоого пайдаланылуучу кирешелердин же башка келип түшүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүнөн чегерүүлөрдүн жана максаттуу багыттагы башка конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруунун эсебинен мыйзамдарга ылайык түзүлүүчү акча каражаттарын чегерүү тартибин аныктайт.

Өлкөдөгү бийик тоолуу региондордун бардыгы дотациялык болуп саналат, региондордогу финансылык маселелердин көпчүлүгү бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүп, тоо-кен казуучу компаниялардын чегерүүлөрүнүн жардамы менен оңдоого болот. Пайдалуу кендерге бай райондор иштетүү үчүн ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун кызыкчылыгын жаратат. Бирок көпчүлүк учурда кен чыга турган жерлерде инвесторлордун геологиялык чалгындоосуна, пайдалуу кендерди иштетүү (казуу) аракеттерине жергиликтүү калктын каршы турушу күчөп жатат.

Ошондой эле ачыктыктын, анык маалыматтын жоктугунан улам жергиликтүү калк чет өлкөлүк инвесторлорду кастык менен кабыл алып, аларды экологияны бузуп жаткан душмандардай көрүшөт.

Азыркы учурда пайдалуу кендери бар райондордун тургундары мындай казындыларды иштетүүгө каршы болуп, геологиялык чалгындоонун лагерлерин өрттөө, жолдорду жабуу, чоң жүк ташуучу машиналардын- рудовоздордун айдоочуларын токмоктоп, сабоо сыяктуу айрыкча радикалдуу чараларына өтүп жаткан учурлар көбөйүп жатат.

Көрсөтүлгөн мыйзамды кабыл алууга (Региондорду өнүктүрүү фонду жөнүндө Типтүү жобону бекитүүгө) чейин жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана чегерүүлөрдөн келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүүнүн татаал механизминен, ошондой эле кендер бир нече райондордун аймагында жайгашышы мүмкүн болгондугунан улам мүмкүн болбой жаткан, ал эми жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө каражаттар жергиликтүү бюджеттерге жөнөтүлүшү керек болчу, бирок Кыргыз Республикасында эки деңгээлдүү бюджеттик система иштейт.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен региондорду өнүктүрүү, финансылык маселелерди өз алдынча жөнгө салуу үчүн шарттарды түзүү жана өзүнүн ишин республикалык бюджеттен көз карандысыз жүргүзүү максатында бул каралып жаткан Жобонун долбоору иштелип чыкты.

Региондорду өнүктүрүү фонду жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана камсыз кылууга, региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын каржылоого жана максаттуу багыттагы башка конкреттүү иш-чараларды ишке ашырууга багытталган жана ошондой эле өзүнүн иш-аракетин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ашкерелик, бул тууралуу калкты (жергиликтүү коомчулукту) өз убагында маалымдоо жана аларга отчеттуулук принциптери боюнча жана жергиликтүү коомдорду Региондорду өнүктүрүү фонддорун башкарууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин артыкчылыгы, каражаттарды максаттуу пайдалануу, Фонддун каражаттарын рационалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу принцибинде жүргүзөт, анын негизги максаты региондогу жергиликтүү коомчулуктун, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат.

Байкоочу кеңеш бекиткен жылдык бюджетке ылайык Фонддун акча каражаттары социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн колдонулат: калктуу пункттардын шаар куруу документтерин деталдуу пландаштыруу долбоорлорун иштеп чыгууга, экологиялык коопсуздукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга; жерлерди мелиоративдик жакшыртуу, сугат түйүндөрүн, гидротехникалык обьекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү, жерлердин абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларга жана башка агротехникалык иш-чараларга; чыгармачыл долбоорлорду, таланттуу балдарды колдоого; туризмди өнүктүрүү жана эл аралык туризм үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү микрокредиттик уюмдарды колдоого; облустардын/ райондордун калктуу конуштарын жашылдандыруу жана инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-чараларга; облустун/ райондордун айыл чарба кооперативдерине жана дыйкан чарбаларына лизинг ирээтинде сунуштоо менен айыл чарба техникасын жаңыртууга жана борборлоштуруп алууга; билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, укук коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин колдоого жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого колдонулат, ал эми Фонддун каражаттарын башка максаттарда колдонууга жол берилбейт.

Фондду Байкоочу кеңеш жана аткаруучу орган башкарат.

Долбоордо Фондду башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдер келтирилген (курамы, компетенциялары, функциялары жана ыйгарым укуктары ж.б.)

Региондорду өнүктүрүү фонду Облусту өнүктүрүү фондуна жана Районду өнүктүрүү фондуна бөлүнөт.

Облусту өнүктүрүү фондунун каражаттары:

- алтындын запасы 50 тоннадан ашык жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлерди жана Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине киргизилген кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү кармоого болгон чегерүүлөрдөн келип түшкөн каражаттардын 50 пайызынан;

-донорлордун жана демөөрчүлөрдүн ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан же колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген башка булактардын эсебинен түзүлөт.

Райондорду өнүктүрүү фондунун каражаттары:

- алтындын запасы 50 тоннадан аз жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлерди жана Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмесине киргизилген кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү кармоого болгон чегерүүлөрдөн келип түшкөн каражаттардын 30 пайызынан;

- алтындын запасы 50 тоннадан аз жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлерди жана Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине киргизилбеген кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү кармоого болгон чегерүүлөрдөн келип түшкөн каражаттардын 80 пайызынан;

- айыл аймактарынын жана шаарлардын жерлерине кирбеген жерлерде жайгашкан жаратылыш ресурстары бөлүгүндө лицензияларды кармап туруу төлөм каражаттарынан;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан же колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген башка булактардын эсебинен түзүлөт.

Региондорду өнүктүрүү фондунун иш-аракетин токтотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде гана жүзөгө ашырылат.

«Региондорду өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.

Ченемдик укуктук актынын бул долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карыш келбейт, кандайдыр-бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди пайда кылбайт жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзүүгө муктаж эмес.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин талаптарына ылайык Региондорду өнүктүрүү фонду жөнүндө Типтүү жобонун долбооруна ишкердик субьекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирге талдоо жүргүзүлдү.

Министр Т.Сариев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу