Өлкөнүн өнөктөштүк стратегиясын иштеп чыгуу жана АӨБнын Директорлор кеңешинин өкүлдөрүнүн тобунун Кыргыз Республикасына боло турган иш сапары жөнүндө

Новости
23-Сентябрь 2022-ж.
979

2022-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министри Данияр Амангелдиев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арая айым жана АӨБ өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга өнөктөштүктүн Өлкө стратегиясын иштеп чыгуу маселелери, АӨБ Директорлор кеңешинин өкүлдөрүнүн тобунун алдыдагы иш сапары, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча долбоорлор талкууланды. Министр АӨБ өкүлдөрүнө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндөгү Тажикстан менен болгон чек ара чатагы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Лао-Арая айым Баткен окуясына байланыштуу көңүл айтты. Ал ошондой эле өлкөнүн Стратегиясына кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, аялдар ишкерлиги, экспортко багытталган ишканалар, климаттын өзгөрүүсү жана табигый кырсыктарды башкаруу сыяктуу багыттарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, Данияр Амангелдиев менен Лао-Арая айым түрдүү тармактарда кызматташуу маселелерин жана ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу