ЕРӨБ жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууда жана ишке ашырууда Кыргызстанга колдоо көрсөтөт

Новости
23-Сентябрь 2022-ж.
999

2022-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай жана ЕРӨБ офисинин   Кыргыз Республикасындагы директору Айтен Рустамова жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда энергетика тармагындагы маселелер, жашыл экономика, ирригация, транспорт жана инфраструктура тармагындагы бир катар инвестициялык долбоорлор, ошондой эле кичи жана орто бизнести колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана программаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Ж.Харгитай айым ЕРӨБ Кыргыз Республикасына энергиянын натыйжалуулугу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ишкердикти өнүктүрүү боюнча долбоорлорду колдоого даяр экендигин белгиледи. Ошону менен бирге Харгитай айым жаңы экономикалык коридорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу