Креативдүү экономика жөнүндө жаңы кабыл алынган мыйзамдарды талкуулоо

Новости
23-Сентябрь 2022-ж.
1507

2022-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK аid тарабынан каржыланган инновациялык саясатты (PIF) колдоо боюнча программанын жардамы менен "Кыргыз Республикасында креативдүү экономика саясатын иштеп чыгуу" темасындагы эксперттик топтун талкуусун уюштурат

Креативдүү экономика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун 2022-жылдын 

21-апрелиндеги "Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында белгиленген.

Тиешелүү мыйзамдар (2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы жана "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK аid жардамы менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан демилгеленген жана иштелип чыккан. Мыйзам парламент тарабынан кабыл алынды жана 2022-жылдын жайында күчүнө кирген.

Эксперттердин талкуусу парламенттин депутаттарынын, министрликтердин жана ведомстволордун, креативдүү экономика жаатындагы эксперттердин жана лидерлердин ортосунда креативдүү экономиканын ченемдик-укуктук базасын иштеп чыгуунун өбөлгөлөрү жана процесси, саясатты киргизүүнүн мүмкүн болуучу кесепеттери жана саясатты иштеп чыгуу боюнча кийинки кадамдар жөнүндө түшүнүк берүүгө багытталган диалог үчүн түрткү болуп кызмат кылат деп күтүлүүдө.

Креативдүү экономика жаатындагы эл аралык эксперттер саясатты иштеп чыгуу процессиндеги өзүнүн ролу, саясаттын негизги максаттары жана милдеттери, креативдүү экономиканы өнүктүрүүдөгү фискалдык жана башка стимулдардын ролу жана белгиленген максаттарга жетүүдөгү прогрессти өлчөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет.

Кыргызстандын Өкмөтү салмактанып кабыл алынган ченемдик-укуктук база креативдүү экономиканын экосистемасынын катышуучулары үчүн жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзөт деген үмүттөнөт, ал ошондой эле эл аралык рыноктордо өзүнүн креативдүү продукттарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт. Жыйынтыгында, бул Кыргызстанга инвестицияларды тартууга жана Кыргызстандын креативдүү бренди жөнүндө маалыматты дүйнө жүзүнө жайылтууга жардам берет. Кыргызстан өнүгүүнүн уникалдуу кыргыз модели – жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча Өкмөттүн активдүү колдоосунда жеке сектордо ишкердикти өнүктүрүүгө негизделген модель бар экендигин бүткүл дүйнөгө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу