Министр Д. Амангелдиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

Новости
23-Сентябрь 2022-ж.
1138

Урматтуу кесиптештер, мекендештер! 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм! 

Жыл сайын Кыргыз Республикасында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү белгиленип келет. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы кабыл алынып, кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Эне тилибиз эзелки ата-бабалардан калган асыл байлыгыбыз, келечекке калтыраар мурасыбыз, бул тилде улуу алп «Манас» дастаны айтылып, кеменгер жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жаралган. Ак калпактуу аталардын тилеги, энелердин аппак сүтү менен уланган улуу тилибиз бар улутубуздун, мекенибиздин  келечеги кең деп баса белгилеп айткым келет. 

Мындан ары да эне тилибиздин, улутубуздун келечеги кең болуп, ар дайым тынчтык болсун! 

Урматтоо менен,

КР экономика жана коммерция министри

Д. Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу