“Бир айыл – бир продукт” улуттук долбоорун масштабдоо маселелери жөнүндө жана аны каржылоо механизмдери

Новости
22-Сентябрь 2022-ж.
2191

2022-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министри  Данияр Амангелдиев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кавамото Хироюки башында турган өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр JICAнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү К.Хироюки жана JICA OVOP Долбоорунун башкы кеңешчиси Х.Акихиса баштаган JICA командасына өлкөнүн өнүгүшүнө, ошондой эле адам капиталын өнүктүрүүгө.кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, JICA менен биргеликте Кыргыз Республикасында транспорттук инфраструктураны жана продукциянын сапат системасын жакшыртуу, айыл чарбасын жана айыл аймактарын өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылууда. Ошону менен бирге ал жеке долбоорлорго да токтолду, мисалы:

- сүт жана сүт азыктарынын сапатын жакшыртуу үчүн тамак-аш лабораторияларынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү;

- Кыргыз-Япон адамдык өнүгүү борбору;

- Бишкек-Ош унаа жолун кар көчкүдөн сактоо;

- эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу;

- «Бир айыл – бир продукт».

Тараптар ошондой эле “Бир айыл – бир продукт” долбоорун масштабдоо жана бул долбоорду каржылоо механизмдерин талкуулашты.

Өз кезегинде К.Хироюки мырза Кыргыз Республикасында «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун белгилеп, республика бүткүл дүйнөдө БАБП продукциясын өнүктүрүү боюнча алдыңкы орунду ээлей турганын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул долбоорду өлкөбүздүн айыл жерлеринде өндүрүштү стимулдаштырууга жана жолго коюуга, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө, прикладдык өндүрүштү өнүктүрүүгө гана эмес, ошондой эле айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган улуттук долбоорго айлантуу максатын койгон. 

Тактап айтканда, министр улуттук долбоорду кеңейтүү пландалып жатканын билдирди. Долбоорду толук жана масштабдуу ишке ашыруу үчүн эки тараптуу капиталдаштыруу менен Кыргыз-Япония БАБП фондун түзүү сунушталууда.

БАБП долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн министр Д.Амангелдиев JICAнын БАБП кеңешчиси Х.Акихис мырзаны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин коомдук кеңешчиси кылып көрсөтүүнү сунуштады.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, иштей баштады. Ведомстволор аралык топтун төрагасы болуп КР МЭК министринин орун басары саналат.

6 региондо бренддик комитеттер түзүлүп, алар өндүрүү жана андан ары сатуу үчүн потенциалдуу продукцияларды аныкташат. Чүй өрөөнүндө бренддик комитетти түзүү каралууда.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгында айландыруу фондунун ролун аткара ала турган аялдардын ишкердиги боюнча БАБД долбоорунан чыгуу программасынын алкагында 508 миң долларга жакын каржы ресурстары бар.

Ошондой эле жакын арада өлкө боюнча 100 ишкананы ишке киргизүү пландаштырылууда, аларда каржылык ресурстар жана административдик жана саясий колдоо көрсөтүлөт, алар да БАБП долбоору менен кызматташууга болот.

“Бир айыл – бир продукт” долбоору КР ЭКМ жана JICA тарабынан 2007-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Долбоордун максаты - жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу менен БАБП аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтуу. 3000ге жакын продукция иштелип чыгып, алардын айрымдары аймактык коньяктарды алып, Бишкекте жылдырылып жатат. Үстүбүздөгү жылдын ичинде бул долбоорго 2749 мүчө-өндүрүүчүлөр тартылган. Региондор арасында сергек атаандаштыкты түзүү жана мындан аркы Кыргыз Республикасынын Улуттук брендин түзүү максатында Бренд конкурсу жыл сайын бардык аймактар арасында өткөрүлөт.

Учурда Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн БАБП продукциялары (кийиз буюмдары, бал, варенье ж.б.) Япония, Россия, Кытай, Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. 2021-жылы өндүрүлгөн продукциянын 46% экспортко чыгарылат.

БАБП+1 маалыматы боюнча, долбоордун алкагындагы жетишкендиктердин бири 2011-жылдан баштап кийизден жасалган буюмдарды экспорттоо боюнча жапониялык «Mуджи» компаниясы менен кызматташуу болду. 2011-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде япониялык "Mуджи" компаниясы менен болгон сатуулар 1 076 181,58 миң долларды түздү.2021-жылга карата жалпы сатуунун көлөмү “Муджи” компаниясын кошкондо 30 224 160 сомду түздү,


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу