Пресс-анонс: КР креативдүү экономика жөнүндө жаңы кабыл алынган мыйзамдарды талкуулоо үчүн эксперттик топтун жыйналышы Бишкекте өтөт

Новости
22-Сентябрь 2022-ж.
1375

2022-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK аid тарабынан каржыланган инновациялык саясатты (PIF) колдоо боюнча программанын жардамы менен "КР креативдүү экономика саясатын иштеп чыгуу" темасындагы эксперттик топтун талкуусун уюштурат. (Отель Хаятт, зал «Шайыр», 9:30).

Креативдүү экономика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу КР Президенти С. Жапаровдун 2022-жылдын 

21-апрелиндеги "Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында белгиленген.

Тиешелүү мыйзамдар (2022-2026-жылдарга КР креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы жана "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Пресс-анонс:Мыйзамы) Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK аid жардамы менен КР 

Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан демилгеленген жана иштелип чыккан. Мыйзам парламент тарабынан кабыл алынды жана 2022-жылдын жайында күчүнө кирген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу