КР ЭКМ башчысы Робин Орд-Смиттин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат

Новости
21-Сентябрь 2022-ж.
1091

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргызстандын Бизнес Акыйкатчысы Робин Орд-Смиттин күтүүсүздөн каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

«Биз эң сонун жетекчинин, достун жана кесиптештин орду толгус жоготуусунун азабын жана ачуусун тең бөлүшөбүз. Аны өзгөчө сапаттарга жана бийик адеп-ахлактык баалуулуктарга ээ болгон ачык жана боорукер адам катары Министрлер Кабинетинин, бизнестин жана Кыргызстандын элинин алдыга койгон максаттарына жетишүү үчүн өзүн арнаган, анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө жана эсибизде түбөлүккө сакталат».

Маалымат үчүн:

Робин Орд-Смит 2019-2022-жылдары Кыргызстандын бизнес-омбудсмени, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамы болуп иштеген жана Кыргызстандын тарыхындагы биринчи Бизнес-омбудсмен болгон. 

2019-жылдын августунда Бизнес-омбудсмен кызматына келгенге чейин ал 30 жылдан ашык өзүн дипломатиялык кызматка арнап, көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган, анын ичинде Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта. Орд-Смит мырза Улуу Британиянын Тажикстандагы элчиси (2012-2015), андан кийин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси (2015-2018) болгон.

Робин Орд-Смит бизнестин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жана Кыргызстандын Улуу Британия жана башка өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Кыргызстандын жарандарына колдоо көрсөтүп, жардам көрсөтүп, министрлик тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкан. Ал ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз институттун миссиясына бекем ишенип, Кыргызстандын келечегине жана экономикалык гүлдөшүнө чоң салымын кошкон. Кыргызстан анын экинчи мекени эле... Орд-Смит мырза жаныбарлардын укугун коргогон, Кыргызстандагы ак илбирсти сактоо боюнча демилгелерди колдоп, кайрымдуулукка көп күчүн жумшаган. Анын өмүрү жана ишмердүүлүгү Кыргызстандын өнүгүшү үчүн кызмат кылуунун үлгүсү

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу