Борбордук Азиядагы бизнеске жардам берүү үчүн электрондук e-QМSти ишке ашыруунун европалык тажрыйбасы жөнүндө

Новости
20-Сентябрь 2022-ж.
1083

Борбордук Азиянын мамлекеттик жана жеке секторлорунун өкүлдөрү кезекти башкаруунун электрондук системаларын киргизүү боюнча Европа Биримдигинин мыкты тажрыйбалары менен таанышуу үчүн Франция жана Эстонияда болушту.

(Париж/Таллин) – Францияга жана Эстонияга болгон таанышуу сапарынын жүрүшүндө Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген мамлекеттик жана жеке сектордун жыйырма беш өкүлү электрондук кезекти башкаруу системаларын (e-QMS) ишке киргизүү боюнча мыкты тажрыйбаларды үйрөнүштү.

Окуу сапары 2022-жылдын сентябрынын биринчи жарымында болуп, Борбордук Азиянын соода, бажы жана логистика кызматкерлерине жана эксперттерине европалык кесиптештеринен билим алууга мүмкүндүк берди. Бул сапар Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун алкагындаЭCБ тарабынан уюштурулган.

Евробиримдиктин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Юрий Скаскевич белгилегендей, “Европа Биримдигинин тажрыйбасы санариптик чечимдер трансчек аралык сооданы башкарууну оптималдаштыруунун мисалы болуп саналат. Бул чечимдердин айрымдары аймакта колдонулса, Евробиримдиктин бул тажрыйбасынан Борбордук Азиядагы мамлекеттик органдар да, бизнес да чоң пайда көрүшөт”,-деп баса белгиледи ал.

Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, “Бул тажрыйба алмашуу электрондук кезекти колдонуунун, анын ичинде коррупция менен күрөшүүнүн жана убакытты үнөмдөөнүн пайдасын көрсөттү. Бул системаны киргизүүдөн мамлекеттик органдар дагы, бизнес дагы пайда табаары талашсыз», - деп баса белгиледи.

ЭCБ сооданы жеңилдетүү боюнча кеңешчиси Пьер Бонтонно билдиргендей, «Бул сапар чек арадагы соода операцияларын оптималдаштырууга жана жеңилдетүүгө көмөктөшүүчү чек ара көзөмөлү чөйрөсүндөгү заманбап тажрыйбаларды изилдөөдө жана ишке ашырууда дагы бир маанилүү кадам болду. Санариптештирүү трансчек аралык сооданын убактысын жана баасын азайтат жана ачык-айкындуулукту, алдын ала айтууну жана координациялоону жогорулатат, ошону менен сооданы стимулдайт жана жумуш орундарын жана кирешелерди көбөйтүүгө жардам берет», - деди кеңешчи.

Белгиленгендей, электрондук e-QМS салттуу кезек үчүн санариптик чечимдерди сунуштайт, чек арадагы жана транспорттук терминалдарда трафикти оптималдаштырууга жардам берет, күтүү убакыттарын кыскартат жана трафик агымын оптималдаштырат. Бул система Европанын бир катар өлкөлөрүндө көптөн бери колдонулуп келген жана жергиликтүү бизнес үчүн акчаны жана убакытты үнөмдөөдө натыйжалуулугун далилдеген, анткени ал экспорттук операцияларды жакшыраак пландаштырууга мүмкүндүк берет.

Бажыдагы кечигүүлөр Борбордук Азия чөлкөмүнүн ичинде да, Борбордук Азия өлкөлөрү менен Европа Биримдиги (ЕБ) ортосундагы соодада да негизги тоскоолдуктардын бири болуп саналат.

Эл аралык соода борборунун (ЭCБ) жакында жүргүзгөн сурамжылоосунда бардык респонденттердин 75%дан ашыгы соодага тоскоол болгон фактор катары чек ара бекеттериндеги узун кезектерди жана кечигүүнү аташкан. Эстонияда жана Францияда колдонулган электрондук e-QМS сыяктуу системаны киргизүү бул тоскоолдуктарды жоюуга жардам берет.

Маалымат үчүн:

Эстония жана Франция мамлекеттик жана жеке сектордун деңгээлинде электрондук e-QМSти ийгиликтүү ишке ашыруунун жакшы үлгүлөрү болуп саналат. Эстониянын өкмөтү биринчилерден болуп рынокто жеткиликтүү эң алдыңкы электрондук СМС чечимдеринин бирин ишке киргизген жана аны чек арада ишке ашырууда. Францияда өз кезегинде жеке сектор логистикалык кампалардагы бизнес операцияларын оптималдаштыруу үчүн электрондук e-QМSти ийгиликтүү колдонууда.

Ready4Trade Central Asia – Евробиримдик тарабынан каржыланган жана ITC улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылуучу төрт жылдык долбоор. Долбоор аймактын өлкөлөрүндө аймактык жана эл аралык сооданы стимулдаштыруу аркылуу Борбордук Азиянын жалпы туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган. Долбоордун бенефициарлары болуп өкмөттөр, чакан жана орто ишканалар, атап айтканда, аялдар жетектеген ишканалар жана бизнести колдоо уюмдары саналат.

http://ready4trade.intrasen.org/en

https://www.intrasen.org/Ready4Trade

Эл аралык соода борбору Дүйнөлүк соода уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен мекемеси болуп саналат. ЭCБ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү микро, чакан жана орто ишканаларга дүйнөлүк рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болууга жардам берет, ошону менен БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө салым кошот.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн www.intrasen.org кириңиз.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу