Кыргызстанда бизнес-чөйрөнү жана жеке ишкерликти жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат

Новости
20-Сентябрь 2022-ж.
2065

2022-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүнө карата Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана  КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, бизнес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышуусунда Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүнө карата сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

А.Жапаров республиканын ишкерлерин өлкөнүн Президентинин, Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кайгылуу окуялардын оорчулугуна карабастан, ишкерлердин өлкөнүн экономикасына кошкон зор салымын белгиледи.

«Бул майрам мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү ишкердиктин маанисин жана зор ролун таануу болуп саналат. Биздин турмушубуздун ар түрдүү тармактарында өзүнүн демилгеси жана чыныгы шыктануусу жана туруктуулук менен көрүнүп жаткан адамдардын эмгегине биз таазим этебиз.

Ишкердик ишмердүүлүк өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө өбөлгө түзүп, өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнө, салыктын түшүүсүнө, калктын иш менен камсыз болушуна оң таасирин тийгизет жана натыйжада коомдогу социалдык-экономикалык туруктуулукту жогорулатат», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле мамлекет өлкөдөгү бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана жеке сектордун ишканаларынын, атап айтканда, микро, кичи жана орто ишканалардын өсүшүн камсыз кылууга көмөктөшүүчү шарттарды түзүү боюнча иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

«Биздин ишканалардын ишмердүүлүгү экономиканын ар кандай чөйрөсүндө жүргүзүлүп жатканына карабастан, дал ушул сапаттар бизди ишкерлердин ынтымагына бириктирип, Кыргызстан үчүн ушундай оор мезгилде алдыга жылууга мүмкүндүк берет.

Биздин ички рухубуздун жана жаңы билимдерди жана технологияларды өздөштүрүү каалообуздун аркасында жаңы чакырыктарга жана тобокелчиликтерге карабастан, биздин ишкер көптөгөн өлкөлөрдүн ишкерлерине үлгү болот деп ишенем», - деп кошумчалады А.Жапаров.

Ошондой эле өлкөнүн бардык ишкерлерине туруктуу өнүгүү жана бакубатчылык, чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалады.

Андан ары ишкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да ишкерлерди жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, «кандай гана масштабда болбосун,  ишкердик экономиканын негизги кыймылдаткычы болуп саналат жана КР Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат”. 

Анын айтымында, бүгүнкү жолугушуу ишкерлерге – жигердүү жана демилгелүү, жигердүү турмуштук позицияга ээ адамдарга болгон сый-урмат. Бизнес менен мамлекет Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө толук кандуу өнөктөш экени баса белгиленди. Ар бир бизнес-демилге өлкө үчүн маанилүү жана эч качан мамлекеттин көз жаздымында калбайт”, - деп айтты министр.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү маселелерине кыскача токтолду.

Соңунда министр өнөктөштөргө жана ишкерлерге ыраазычылык билдирип, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн биргелешкен жигердүү иш-аракеттер улана берээрине ишеним билдирди. Баарына чың ден соолук, бакубатчылык, бизнесте бакубатчылык, жаңы долбоорлорду жана идеяларды ишке ашырууда ийгиликтерди, ишеним жана бардык иштерде ийгилик каалады.

Ошондой эле, «Жылдын мыкты ишкери», «Ишкер айым», «Мыкты жаш ишкер» номинациялары боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары, Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен ишкерлерди сыйлады.

Тизме тиркелет

Бул иш-чара Россия Федерациясы тарабынан каржыланган ПРООНдун «КМШ аймагында туруктуу өнүгүүнү каржылоо үчүн потенциалды жогорулатуу» долбоорунун техникалык колдоосу менен ЭКМ тарабынан уюштурулган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу