Өнүгүп келе жаткан аймактык соода, транспорт жана логистика боюнча БАРЭКтин окуялар сериясы жөнүндө

Новости
19-Сентябрь 2022-ж.
1143

2022-жылдын 12-сентябрынан 15-сентябрына чейин Монголиянын Улан-Батор шаарында мамлекеттик жана жеке сектордун катышуусунда атайын экономикалык зоналар, жеткирүү чынжырынын байланышы жана туруктуу чек ара операциялары боюнча Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгынын (БАРЭК) өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттердин соода секторунун иш-чараларынын сериясы болуп өттү. 

2022-жылдын 13-14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (ЭКМ) делегациясы БАРЭК Регионундагы Туруктуу экономикалык аймактарды өнүктүрүү форумуна катышты, анда жаңы муундагы экономикалык аймактар, алдыңкы тажрыйбалар региондун жана башка өлкөлөрдүн, ошондой эле экономикалык, социалдык жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу менен инвестиция тартуунун механизмдерин талкуулашты.

Форум өзгөчө экономикалык аймактарга жана COVID-19 пандемиясы, климаттын өзгөрүшү жана жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу глобалдык жана аймактык чакырыктарды чечүү үчүн эл аралык кызматташууга жаңы ыкмаларды көрсөтөт.

Жогорудагы иш-чарада КР ЭКМдин өкүлдөрү «Экономикалык аймактарды өнүктүрүүдө БАРЭК өлкөлөрүнүн тажрыйбасы» деген темада баяндама жасашты.

2022-жылдын 15-сентябрында КР МЭК делегациясы аймактык сооданы, транспортту жана логистиканы өнүктүрүү боюнча БАРЭК тегерек столдорунун сериясына катышты, анда алар жеткирүү чынжырынын байланышы жана чек ара операцияларына байланышкан маселелерди талкуулашты, ошондой эле орто жана узак мөөнөттүү стратегия жана соода багыты, товарлардын трансчек аралык кыймылын жакшыртуу, жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашынын тобокелдиктерин азайтуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү саясаты белгиленди.

Жогорудагы иш-чараларда КР ЭКМдин өкүлдөрү панелдик сессияларда “Пандемия жана геосаясий чыңалуудан улам келип чыккан үзгүлтүккө каршы БАРЭК өлкөлөрүнүн стратегиялары жана мамилеси”, ошондой эле “Туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жеткирүү чынжырларынын жана туруктуу чек ара операцияларынын аймактык кызматташуунун артыкчылыктары жана варианттары” темаларында сөз сүйлөштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу