КР Экономика жана коммерция министрлиги Баткен окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которду

Новости
17-Сентябрь 2022-ж.
1854

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратынын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери 1 млн 200 миң сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акыларын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуядан жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына жардам катары которушту. 


Министрликтин жамааты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына куралдуу кол салуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жабыркаган мекендештерибиздин тезирээк сакайып кетишин, асманыбыз тынч, элибизге бакубатчылык каалайбыз.


Онлайн кайрылуу