2014-жылдын 5-6-ноябрында Кыргызстанга АӨБ президенти келет.

Новости
02-Ноябрь 2014-ж.
2278

Иш-сапардын жүрүшүндө Т. Накао азыркы экономикалык маселелерди жана өнүгүү маселелерин, ошону менен бирге АӨБ колдоосуна ылайык багыттарды талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын президенти Алмаз Атамбаев, премьер-министри Жоомарт Оторбаев, Финансы министри жана Кыргыз Республикасындагы АӨБ башкаруучусу Ольга Лаврова менен жолугушат.

Накао мырза Борбор Азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын (БААЭК) алкагында Экономика министри Темир Сариевдин жетекчилиги астында Бишкек шаарында өтүүчү 13-министрлердин конференциясында чыгып сүйлөйт. Бул Министрлердин конференциясында премьер – министр Жоомарт Оторбаевдин чыгып сүйлөөсү күтүлүп жатат.

БААЭК конференциясынын ачылышы 2014-жылдын 6-ноябрында саат 09:00-09:30 «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасында болот. Фото-сүрөтчүлөрдү, телеоператорлорду жана ЖМК өкүлдөрүн ачылыш аземин тартууга кызматташуу үчүн чакырабыз, ал эми басма сөз ЖМКнын журналисттери «Акын» залынан байкоого болот.

Ачылыш аземинен кийин АӨБ президенти Т.Накао жана КР Экономика министри Т.Сариев экономикалык өнүгүү, БААЭК жана мамлекеттеги АӨБ иштеринин маселелерин талкуулоо үчүн биргелешкен пресс-конференциянын алкагында ЖМКнын суроолоруна жооп берет.

Датасы: 2014-жыл 6-ноябрь, бейшемби.

Убактысы: 09:55-10:25 (Пресс-конференция)

Өткөрүү жайы: «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасынын «Акын» залы

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу