“Таза Мурас” улуттук акциясынын алкагында өлкөдө Улуттук тазалык күнү өткөрүлөт

Новости
13-Сентябрь 2022-ж.
1322

Урматтуу кесиптештер,

Ишемби күнү, 17-сентябрда, «Таза Мурас» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өлкө аймагы боюнча Улуттук тазалык күнү өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башталган «Таза Мурас» акциясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат.

Республиканын жалпы жарандарын айлана-чөйрөнү иреттеп-тазалоого, тийиштүү аянттарды көрктөндүрүүгө жана өзүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырабыз.

Экологияга кам көрүү, тазалыкты жана жагымдуу шарттарды түзүү ар бирибизден башталат! Жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, четте калба!

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу