Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгы жөнүндө

Новости
12-Сентябрь 2022-ж.
1143

2022-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министринин орун басары Канат Абдрахманов Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматындагы миссиясына байланыштуу Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту.

Министрдин орун басары элчини миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана долбоорлорун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында тез кайтарым берүүчү долбоорлорду ишке ашырууга гранттык жардам көрсөтүү жана Индия Өкмөтү тарабынан 200 млн доллар өлчөмүндө кредиттик линия бөлүү тууралуу пикир алмашуу болду. 

Өз кезегинде элчи мырза эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Өзгөчө көңүл инвестиция, медицина жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууга, соода-экономикалык багыттагы маселелерге, ошондой эле Кыргыз Республикасында социалдык жана социалдык өнүгүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга бурулду.

Ошондой эле тараптар 2022-жылдын ноябрь айына пландалган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун онлайн режиминде өткөрүү маселесин талкуулашты

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу