Министрдин орун басары А.Усенбекова түз эфирде ЭКМдин ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу суроолорго жооп берди

Новости
12-Сентябрь 2022-ж.
1537

2022-жылдын 12-сентябрында саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова Инстаграмдагы МЭК баракчасында жазылуучулар менен түз эфирде министрликтин негизги ишмердүүлүгү боюнча 10дон ашык актуалдуу суроолорго жооп берди.

Министрдин орун басары А.Усенбекова 2026-жылга чейинки бизнес күн тартибинин негизги багыттары тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары өлкөдө, аймакта жана дүйнөдө болуп өткөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын калыптандырууда сунушталган документтин актуалдуулугун белгиледи. 

Министрдин орун басары «Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана имиджин жогорулатуу жөнүндө» өлкөнүн Президентинин Жарлыгынын алкагында министрлик тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын ишкери», Сооданы жеңилдетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иштер жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, стандарттарды синхрондоштуруу жана региондун өлкөлөрүндө Бирдиктүү терезени интеграциялоодо “Кыргыз Республикасындагы ишкердикти өнүктүрүү, колдоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору жана ата мекендик ишканаларга Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортторун алуу, “КР Эмгек сиңирген ишкери” деген ардактуу наамдын критерийлерин аныктоо боюнча документтер тууралуу кыскача айтып берди.

Ошондой эле жазылуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, ал бизнес-чөйрө саясатын иштеп чыгуу, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатындагы суроолорго жооп берди, атап айтканда:

- бизнести кантип жөнөкөйлөштүрсө болот;

- Чет өлкөлүк жарандарга “Санаарип көчмөн” статусун берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү жөнүндө;

- Качан тапшырса болот, бул арыздар онлайн кабыл алынабы;

- Креативдүү экономика боюнча Өнүгүү концепциясы жана Мыйзам кабыл алынды, азыр резидент боло ала турган Креативдүү өнөр жай паркы түзүлдү;

- Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн салык кызматына барбай туруп эле салыктык каттоодон өтүүгө болобу, эгер андай болбосо, эмне үчүн бул процедураны жөнөкөйлөтүүгө болбойт;

- Креативдүү өнөр жай паркынын алкагында кандай жеңилдиктер каралган;

- Кыргыз Республикасындагы ишкерлердин абалы кандай;

- ЕАЭБ/ББнын канча техникалык регламенти кабыл алынган жана алардын канчасы күчүнө кирген;

- ЕАЭБ/ББнын техникалык регламенттери жана алардын долбоорлору тууралуу маалыматты кайдан алса болот;

- ЕАЭБдин шайкештикти баалоо органдарынын бирдиктүү реестрине канча сертификациялык органдар жана сыноо лабораториялары киргизилген;

- ЕАЭБдин шайкештикти баалоо органдарынын бирдиктүү реестрин кайдан көрсө болот;

- Салык кодексине өзгөртүү киргизүү долбоору менен кайдан таанышсам болот ж.б.

«Биз Кыргыз Республикасындагы ар кандай мамлекеттик кызматтардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча тыгыз иштешип жатабыз. Өлкө экономикасын өнүктүрүү биринчи кезекте бизнес менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ар кандай этаптары жөнүндө ачык жана жеткиликтүү маалыматты билдирет», - деп белгиледи сөзүнүн аягында министрдин орун басары.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу