“Сабаттуу жазуу” өнөктөгүнүн алкагында жат жазуу жазышты

Новости
09-Сентябрь 2022-ж.
1505

2022-жылдын 9-сентябрында Экономика жана коммерция министрлигинин 93 кызматкери Кыргыз Республикасынын Президентинин жана «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги протоколдук тапшырмасынын,  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чаралардын   алкагында  «Сабаттуу жазуу» өнөктүгүнүн алкагында  жат жазуу жазышты. 

Бул иш-чараны уюштуруучу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова сөз сүйлөп иш-чараны ачып берди.

Бул өнөктүктүн максаты кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, кыргыз тилине карата кызыгууну арттыруу болуп саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу