2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” Улуттук экспорттук программасынын долбоорун талкуулоо жөнүндө

Новости
07-Сентябрь 2022-ж.
1201

2022- жылдын 7-сентябрында КР Экономика жана коммерция министрлигинде 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” Улуттук экспорттук программанын долбоорунун бет ачары болуп өттү.


Иш-чарага өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, алдыңкы экспортерлор – өндүрүүчүлөр ж.б. катышты.


Министрдин орун басары Вероника Исаева куттуктоо сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына Программанын бул долбооруна кызыгуусу жана иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле мындан аркы кызматташууну жана  стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо ниетин белгиледи.


Ошондой эле секторлор аралык презентациялар сунушталды:

- экспортту стимулдаштыруу жана жылдыруу;

- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

- улуттук сапат инфраструктурасы;

- Каржылоо мүмкүнчүлүгү.


Иш-чара конструктивдүү диалог форматында өттү, анда бардык катышуучулар өздөрүн кызыктырган бардык суроолорду берип, Программага киргизүү үчүн кошумча сунуштарын бере алышты.

Бул Программанын долбоору жакын арада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына расмий бекитүүгө жиберилет жана коомдук талкууга коюлат, ал эми тиешелүү жол-жоболор өткөндөн кийин, андан ары кароо жана бекитүү үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу