Борбор Азиядагы аялдардын ишкердик менен алектенген экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жөнүндө

Новости
07-Сентябрь 2022-ж.
1690

Экономика жана коммерция министрлиги “Аялдардын жана кыздардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” (WAGE) программасы менен өнөктөштүктө Борбор Азиядагы аялдардын ишкердикте экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн активдүү өнүктүрүүнү улантууда.

Кыргызстандагы аялдардын экономикалык потенциалы чоң, бирок тилекке каршы, аялдар үчүн бизнес ачууга же өнүктүрүүгө белгилүү бир тоскоолдуктар бар. Мисалы, социалдык, экономикалык тоскоолдуктар, стереотиптер, жалган ишенимдер, менталитет жана башкалар.

Буга байланыштуу аялдардын ишкердиктеги тоскоолдуктарына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында социалдык роликтер даярдалган. Жогорудагы Программанын алкагында Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу Коалициясы түзүлүп, бул багытта активдүү иш алып барууда.

Тиркемеде:

- социалдык 1-видео2-видео.

Маалымат үчүн:

Кызмат көрсөтүү тармагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ИДПсынын 44,1%ын түзөт. Кызмат көрсөтүү тармагында 402 ишкана болсо, анын 40% аялдарга таандык. Билим берүү тармагында 74 миллион мугалим болсо, алардын 90%ы аялдар. Саламаттыкты сактоодо кызыктуу маалыматтар кездешет. 2018-жылы 1095 ишкана болсо, анын 701и же 70%ы аялдарга таандык. Айыл чарбасында 5 миңден ашык ишканалар болсо, анын 40% аялдар тарабынан ачылган, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайы, сүт ишканалары, пахта терүү, жүн менен иштөө ж.б. бар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу