Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду

Новости
06-Сентябрь 2022-ж.
1674

2022-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана «Терек-Таш» ЖЧКсы жана «ЗЕНИТ Фирма» ЖЧК компанияларынын консорциуму ортосундагы цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Консорциумдун ортосундагы бул Инвестициялык макулдашууга бир тараптан Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев тарабынан, экинчи жагынан «Терек-Таш» ЖЧКсы жана «ЗЕНИТ Фирма» ЖЧКсынын консорциуму- Башкы директору Акыл Түгөлбаев тарабынан кол коюлду.

Тараптар белгилегендей, курулуш долбоорун ишке ашырууда өз ара укуктарды жана милдеттерди жөнгө салуу максатында жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга ылайык өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен Чүй облусундагы клинкер өндүрүүчү жана цемент майдалоочу заводдорду куруу боюнча Бул Инвестициялык Макулдашууну түзүштү.

Маалымат үчүн:

Бул Инвестициялык макулдашуу Чүй облусунда жылына 1 500 000 (бир миллион беш миң сом) өндүрүштүк кубаттуулуктагы клинкер өндүрүүчү жана цемент майдалоочу заводду долбоорлоо жана курууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында Инвестор тарабынан ишке ашырылуучу инвестициялык долбоор болуп саналат. 

Ушул Инвестициялык келишим боюнча Инвестордун ишинин объекти болуп Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айыл аймагынын Жылтырында  клинкер өндүрүүчү жана Ысык-Ата районунун  Ново-Покровский айыл аймагынын жеринде цементти майдалоочу ишканаларды куруу болуп саналат.

Инвестициялардын жалпы суммасы 150 000 000 (жүз элүү миллион) АКШ долларын түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу