Министр Т. Сариев КР Өкмөтүнүн жыйынында чыгып сүйлөп жатып эки жылдан бери Туруктуу өнүгүү Улуттук Стратегиясынын жана КР Өкмөтүнүн Туруктуу өнүгүүгө өтүү Программасынын алкагында иш алып бара жатабыз”- деп билдирди.
Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Стратегияда камтылган 77 улуттук долбоорлордун 11 долбоору иш жүзүнө ашырылып, 24 долбоор аткарылып жатат жана 23 долбоорду ишке ашыруу боюнча аракеттер болууда.
Мындан тышкары экономиканын өнүгүүсүн мындан ары жакшыртуу максатында бизнеске колдоо көрсөтүү, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү боюнча да бир топ аракеттер жасалууда.
Маселен, инвестициялык шарттарды жакшыртуу, экономиканын секторлоруна инвестициялардын агымын көбөйтүү максатында Экономика министрлигинин алдында инвестицияларды илгерилетүү боюнча Агентство ачылды.
Акырындап мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча иштер аткарыла баштады, бүгүнкү күндө ушул багытта иш алып баруу үчүн 12 ченемдик укуктук актылар кабыл алынды жана ушундай долбоорлорду сапаттуу даярдоого колдоо көрсөтүү боюнча Фонд ачылды.
Бүгүнкү күндө бул багытта 12 долбоор тандалып алынып, 2 пилоттук долбоор ишке ашырууга даярдалды.
Ишкердик субъекттердин Бирдиктүү электрондук базасы түзүлдү, ишкерлерди текшерүү боюнча тобокелдик критерийлери аныкталды жана таасир берүүнү жөнгө салууну анализдөө (АРВ) боюнча жаңы нускама кабыл алынды.
Текшерүүчү органдардын саны да, текшерүү мөөнөтү да бир топко кыскартылды, маселен текшерүү мөөнөтү 30 күндөн 15 күнгө чейин, ал эми кичи бизнестин субъекттери үчүн 5 жумушчу күнгө чейин азайтылды.
Фискалдык саясат боюнча да бир топ реформалар жүргүзүлүүдө: кайра иштетүүчү мекемелер 3 жылга киреше салыгынан бошотулду, кызмат көрсөтүү тармагында иштеген ишкерлер милдеттүү патентке, ал эми коомдук тамактануу боюнча ири ишканалар контракттык негизге өткөрүлдү, ата мекендик сырьёну колдонуучу кайра иштетүүчү ишканалар 6 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду.
Фермерлерге жеңилдетилген кредит берүүлөр улантылууда, бул долбоор башталгандан бери 9,2 млрд сом, анын ичинен быйыл 4,8 млрд сом берилди.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укуктук жана институционалдык база түзүлдү (укук коргоо мекемелеринин укук бузууларды ачуунун негизинде 9 айдын жыйынтыгы боюнча 622 млн сом төлөмү кайтарылды, бул былтыркыдан 1,7 эсеге көп).
Азыркы мезгилде Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картасын аткаруу боюнча активдүү аракеттер болуп жатат. Бардыгы болуп 112 нормативдик-актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл (38 Мыйзамдын долбору жана башка 74 ченемдик укуктук актылар). 1-этапта Өкмөт 16 Мыйзамдын долборун Жогорку Кенешке киргизди, алар биринчи окуудан өттү.
Биринчи этаптагы мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилди.
Социалдык чөйрөнү колдоо үчүн бир топ иш чаралар көрүлүп жатат. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын түзүмүндө 64 %га жакын чыгымдары социалдык чөйрөгө жумшалды (37,9 млрд сом)( 2013-жылдын январь-августунда 56,2 %ды түзгөн (35,5 млрд сом).
Билим берүү чөйрөдө реформалар жүргүзүлүп жатат. Жалпы билим берүүчү уюмдарында мектептик окуу жүктөмүн этабы менен кыскартуу чегинде 5-класстан 11-класска чейинки базистик окуу планынан 714 саат кыскартылган. Бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында балдарды мектепке даярдоо боюнча 240 сааттык Программасын ишке ашыруу алкагында бул жылда 120 миң балдар мектепке кирүү астындагы даярдыктан өтүштү.
Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар таасирдүү натыйжаларды бербей жатат, белгилей кетсек эң негизги маселе - энелер өлүмүнүн деңгээлинин көбөйүү абалы кооптонууну жаратат, 100 миң тирүү төрөлгөндөргө 45,5 эненин өлүмү туура келип, былтыркыга караганда 15,5 %га өстү (2013 -жылдын январь-августунда – 39,4).
Пенсионерлерди социалдык жактан колдоо максатында 2014-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны жогорулатуу максатында кайра эсептөө жүргүзүлдү. Кайрадан эсептөөлөрдүн жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 4600 сомду түзүп, 3,7 %га өстү.
9 айдын жыйынтыгы менен жылдын башынан келе жаткан ИДПнын көлөмүнүн өсүүсүнүн басаңдоо тенденциясы сакталууда. Бул бизди тынчсыздандырат.
Мындан тышкары, Улуттук статистика комитети 2013-жылдын жыйынтыгын тактаганын, негизинде мурдагы 10,5 % өсүш 10,9 %га чейин көтөрүлүп, ИДПнын көлөмү 5,3 млрд сомго көбөйүп, 355 млрд сомду түздү, Өткөн жылдын базасынын жогорулашы быйылкы жылдын жыйынтыгына таасирин тийгизет.
Тогуз айдын жыйынтыгы менен ИДП номиналдуу көлөмү 266,6 млрд. сомду түзүп, реалдуу түрдө 3,0 %га өстү жана бекитилген болжолго 1,1 пайыздык пунктка жетпей калды (ушул мезгилге болжол 4,1 %) (2013-жылдын 9 айында 8,9 %).
Азыркы мезгилдеги өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык өнүгүү негизги жакын кошуналарыбыз Россия жана Казакстандын экономикасынын төмөндөшүнүн улануусу шартында болуп жатат (быйылкы жылдын болжолун үч ирет кайра карап чыгышты, Россияда өсүү 2,5%дан 0,5%га чейин, Казакстанда 6,1%дан 5 %га чейин төмөндөтүштү), анткени дүйнөдөгү Россиянын айланасындагы саясий абал, инвестициялардын улам сыртка чыгып кетиши жана Кытайдын экономикадагы өсүүнүн темпинин басаңдашы таасир берүүдө.
Ал эми Кыргызстанда да экономиканын бардык секторлорунда жылдын башынан бери эле төмөндөө тенденциясы кармалып келе жатат.
Мындай абалдын болушунун негизги факторлору төмөндөгүлөр:
Чет өлкөлүк түз инвестициянын агымынын кескин азайышы (61,9%), капиталдын сыртка чыгып кетүүсүнүн жогорулашы (2,1 эсеге), мигранттардан которулуучу акча каражаттарынын агымынын өсүү темпинин басаңдашы (болгону 4,0 %га өстү, 2014-ж. январь-августта 1486,1 млн АКШ долл., былтыр ушул мезгилге 1 644,2 млн АКШ долл түзүп, 13 % га жогору болгон, Бажы биримдигинин мамлекеттери тарабынан бажы көзөмөлүнүн катуулашы жана Манас аэропортундагы транспорттук ташуу борборунун чыгып кетиши жана түштүк жергесине газ берүүнүн токтотулушу кызмат көрсөтүү секторундагы көлөмдүн кескин төмөндөшүнө алып келди (импорт 6,2 %га төмөндөдү), анын үстүнө ички сооданын өсүү темпи да басаңдоодо (2013-ж. 107,6 %, 2014-ж. 104,9%).
Өнөр-жай сектору боюнча болжолдонгон кубаттуулуктарды ишке түшүрүү кечеңдеп жатат, алсак Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводу, Бозымчак жана Талды-Булак сол жээк алтын кендери толук кубаттуу иштей элек, суроо талаптын азайгандыгынан Интерглассда” айнек чыгаруу 6,1% азайды, «Кыргызалтын» өндүрүштү 22,5 %га, ошондой эле текстиль өндүрүшүндө 18,5 %га азайды.
9 айдын ичинде бардыгы болуп 36 ишкана токтоп турган.
Кен өндүрүштөрү боюнча алсак, быйылкы жылдын аягына чейин жаңы кендерди өздөштүрүү пландары аткарылбай калуу коркунучу турат. Алсак Бозымчак кенинде бир топ кемчиликтер пайда болгондуктан КР Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекция бул кенде бир топ кемчиликтерди жоюу боюнча сунуш берген, ошондуктан жылдын аягына чейин продукция чыгаруу күмөн болууда.
Талды-Булак Сол жээк кенин ишке берүү да быйылкы жылдын аягына коюлган, бирок ал жерде электр энергиясы менен камсыз кылуу көйгөйү чечилбей жана техникалык экономикалык негиздемеси али бекитиле элек жана бир топ финансалык маселелерди чечүү зарыл.
Жогорудагы эки кендин продукция чыгаруу көлөмдөрү быйылкы жылдын болжолуна киргизилген эле.
Ушундай эле көйгөйлөр башка да кендерде болууда: Кара-Казык, Иштамберди, Чаарат.
Мындан тышкары жергиликтүү калктын кендерди иштетүү боюнча мамилеси дале болсо терс бойдон калууда.
Ал эми региондор боюнча алып карасак өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү Баткен облусунда 83,6%га аткарылган, мындай абал Кадамжай сурьма комбинатынын токтоп тургандыгынан металл чыгаруу 89,9%га, ошондой эле пайдалуу кен чыгаруу 50,7%га жана көмүр өндүрүү 9,6%га цемент өндүрүү 12,7%га азайгандыгынан келип чыгууда.
Жалал-Абад облусунда мунай зат өндүрүү 11,8%га, негизги металлдарды чыгаруу 25,3%га азайгандыгынан жалпы өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү облуста 97,4%ды түздү;
Бишкек шаарында текстиль өндүрүү 32,5%га, кийим тигүү 28,2%га жана химия продукциясын чыгаруу 24,4%га төмөндөгөндүгүнөн, былтыркы жылдын деңгээлине чыккан жок. (99,1%).
Быйылкы айыл чарбасы үчүн түзүлгөн оор жаратылыш шарттары (жаздын кеч келиши, кургакчылык) айыл чарба продукциясынын өндүрүү көлөмүн 2,2 %га азайтууга алып келди, негизинен өсүмдүк продукцияларын өндүрүү 6,3 %га төмөндөдү. Ошол эле учурда мал чарбасында реалдуу темпи 2,2 %га өстү. Республиканын бардык категориядагы чарбалык субъектилери тарабынан 261,0 миң тонна тирүү салмактагы эт (бул өткөн жылга салыштырмалуу 5,4 тоннага, же 2,1 %га көп), 1131,4 миң тонна сүт (25,4 миң тоннага же 2,3 %га көп), 354,3 млн. даана жумуртка (24,2 млн. даанага көп, же 7,3%га өстү.) өндүрүлдү.
Мамлекет тарабынан айыл чарбасына көптөгөн жардам берилүүдө, бирок берилген кредиттерден такыр эле таасири тийбей жатат. Быйылкы жылы айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү дээрлик бардык өсүмдүктөр боюнча артта калууда, маселен былтыркы жылга салыштырсак буудай (68,5%), арпа (62,1%), картошка (94,7%), май өсүмдүктөрү (81,2%) аз жыйналды.
Сөзүнүн аягында министр Т. Сариев жылды татыктуу аякташ үчүн жогорудагы кемчиликтерди жоюу үчүн күчүбүздү жумшап, кыштан жакшы чыгууга бардык аракеттерди жасоого чакырып кетти.