Кыргызстандын ЭСКАТОнун кагазсыз соода боюнча алкактык макулдашуусуна кошулууга даярдыгы

Новости
01-Сентябрь 2022-ж.
1533

2022-жылдын 31-августунда Азия-Тынч океан аймагында сооданы жеңилдетүү боюнча 10-форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдарбек Самыкбаев аткарылган иштер тууралуу, Кыргыз Республикасынын Кагазсыз соода боюнча алкактык макулдашууга (ЭСКАТО) кошулууга даярдыгын баалоо жана бул маселени Дүйнөлүк соода уюмунун макулдашуусун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңеши тарабынан Сооданы жеңилдетүү боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, ITC эл аралык эксперти Алексей Бондаренко Кыргыз Республикасынын кагазсыз соодага өтүүгө даярдыгын аныктаган колдонуудагы укуктук, техникалык жана институционалдык аспектилерге сереп салуу боюнча кеңири баяндама жасады.

Эске салсак, Форум соода жол-жоболорун жеңилдетүү, экспорттун жана импорттун бажылык администрациясын модернизациялоо, эл аралык сооданын туруктуулугун жогорулатуу боюнча региондун өлкөлөрү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселелерди комплекстүү кароого, пандемия мезгилинде туруктуу экономиканы колдоо. жана тажрыйба алмашууга багытталган. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу