Министр Т.Сариев Швейцариянын Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумда катышып жатат.

Новости
17-Октябрь 2014-ж.
2343
Экономика министри Т.Сариев үстүбүздөгү жылдын 13-17-октябрында Швейцариянын Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумунда катышып жатат. Бул форум эл аралык инвестициялык коом үчүн эң маанилүү окуя болуп саналат, анткени ал өзүнө дүйнөлүк лидерлердин инвестициялык саммитин өткөрүүнү, инвестицияларга кол кабыш кылуу боюнча конференцияны жана ошону менен бирге көлгө чыга албаган мамлекеттерде инвестицияга арналган жогорку деңгээлдеги форумду камтыйт.

Женева шаарына болгон жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Экономика министри Т.Сариев Соода жана өнүктүрүү боюнча БУУ Комиссиясынын (ЮНКТАД) башкы катчысы жана БУУ Европалык экономикалык комиссиясынын аткаруу катчысы менен бир нече жолугушууларды өткөрдү. Ошону менен бирге мамлекеттин инвестициялык потенциалын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып өттү.

ЮНКТАДдын башкы катчысы Мухиса Китуйи мырза менен болгон жолугушуусунда тараптар Соода-инвестициялык чөйрөдө кызматташуу боюнча меморандумду биргеликте иштеп чыгуу жана бажы процедураларынын шарттарын жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашышты. Ошону менен бирге Китуйи мырза Жибек жолундагы инвестициялар” Колдонмосун киргизүү боюнча боло турган презентация жөнүндө айтып өттү. Өз кезегинде министр Т.Сариев башкы катчы Мухиса Китуйини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

""

""""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу