Министр Д. Амангелдиев: Кыргызстандын экономикасы туура багытта өнүгүп жатат

Новости
30-Август 2022-ж.
1310

Бүгүн, 2022-жылдын 30-августунда Биринчи радионун таңкы түз эфиринде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин жана өзүнүн жеке атынан кыргызстандыктарды эртеңки келе жаткан Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады. 31 жыл аралыгында биздин республика эл аралык коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээледи. Акыркы экономикалык көрсөткүчтөр да жаман эмес. Биздин коомдо ишкер адамдардын калың катмары пайда болду. Алар экономикабыздын алга өсүшүнө өздөрүнүн татыктуу салымдарын кошуп жатышат.

Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Салык маневрун туура жүргүзүүнүн натыйжасында бюджетибиз акырындык менен толукталууда. Буга жыл башынан Жаңы салык кодексин кабыл алышыбыз да түрткү болду. Азыркы учурда салык базасын 400 миллиард сомдон  ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. 

Биринчи радионун алып баруучусунун “Ишкерлерге мамлекет тарабынан кандай жардамдар берилип жатат?” деген суроого министр Д.Амангелдиев төмөнкүдөй жооп кайтарды:

Өлкөбүздүн Президентинин “Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча”, “Ишкерлердин макамын жана беделин жогорулатуу жөнүндө” жана “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жөнүндө “ Жарлыктары  ишкер адамдардын иштөөсүнө жакшы шарт түзүү боюнча  чоң стимул болду. 20-сентябрда ишкерлердин күнү белгиленмекчи. Буга карата да чоң көңүл бурулуп жатат. Мамлекеттин максаты – жаңы ишкерлердин катарын көбөйтүп, аларга мыкты шарттарды түзүп берүү. Бул багытта иштерибизди жакшырта бермекчибиз,- деп сөзүн улантты министр.

Радиоугармандар тарабынан да көптөгөн суроолор берилди. “Өкмөт эмне кылып берет деп карап тура бербей, биз да өлкөбүздүн өнүгүгүшүнө өз салымыбызды кошолу” деген пикирин бир радиоугарман айтты. Түз эфирдин аягында радиоугуучу Фатима Жаманбаева өз каалдоосун мындайча билдирди:”Эртеңки майрамыбыз кут болсун.Эсенчиликте өнүгөлү, өсөлү. Мен чоң ыраазычылык айтаар элем. Себеби биз өзгөрүүлөрдү, айлыктардын көтөрүлүүсүн көрүп жатабыз”.

Урматтуу биздин сайттын окурмандары, министр Данияр Амангелдиевдин түз эфирдеги маегин Биринчи радиодогу бул жактан коро аласыздар  https://mineconom.gov.kg/ky/post/8339 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу