Кыргызстанга релокация: «Санариптик көчмөн» статусун кантип алууга болот

Новости
30-Август 2022-ж.
1270

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок  адамдарга «Санариптик көчмөн»  («Digital nomad») статусун ыйгаруу жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу» жобону кабыл алды, анда Кыргызстанга көчүп келүүчү адистер үчүн эң ыңгайлуу режим каралган. Бул статус бир катар мамлекеттердин жарандарына Кыргызстандын аймагында жүргөн жери боюнча каттоосуз жана ишке орношууга уруксаты жок жүрүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетет.

«Дүйнө жүзүндө Digital nomads, «Санариптик көчмөндөр» деп аталгандардын санын көбөйүү тенденциясы күч алууда. Адамдар иштөө үчүн компьютер жана жогорку ылдамдыктагы жакшы интернет керек болсо, дүйнөнүн каалаган жеринен иштей алышат. Пандемия учурунда аралыктан иштөөнүн кеңири жайылган практикасы кеңседе болуунун зарылдыгы жок адистердин белгилүү бир кластерин аныктап, калыптандырды, жана бул адамдардын көбү бир нече компанияларда иштешет. Мындай адамдарды Кыргызстанга көчүп келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бул нормативдик демилгенин максаты болуп саналат», - деп КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев белгиледи.

Кыргыз Республикасынын

Экономика жана коммерция министрлигинде «Санариптик көчмөн» статусун алуу боюнча ар бир кадамы менен кеңири нускаманы иштеп чыгуу Жобону ишке ашыруунун кадамдарынын бири болду. Колдонмо потенциалдуу көчүп келүүчүлөрдү кызыктырган негизги суроолорго толук жоопторду камтыйт. «Санариптик көчмөн» (Digital nomad) статусунун ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоодон өтүү милдетинен, иштөөгө уруксат алуу зарылчылыгынан бошотулат, автоматтык түрдө жеке идентификациялык номерди жана башка көптөгөн нерселерди алат. Колдонмодо бул статустун артыкчылыктарынын баары кеңири талкууланат.

«Санариптик көчмөн» (Digital nomad) статусун алуу үчүн санариптик технологиялар тармагында иш алып барган Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россия Федерациясынын жарандары талапкер боло алышат. Нускама бул тизмеге кандай кесиптер киргени жөнүндө так түшүнүк берет. Колдонмо ошондой эле өтүнмөнү кайда тапшыруу керек, кандай формада, жоопту канча убакыт күтүү керек жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө түшүнүк берет.

«Кыргызстан табигый жана геосаясий факторлордон улам санариптик көчмөндөрдүн иштөөсү ыңгайлуу жана жагымдуу боло турган өлкө боло алат. Бул өлкөбүздүн туристтик потенциалын, инвестициялык келечегин өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү жагынан пайдалуу. Жобо санариптик көчмөндөр менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн көптөгөн нюанстарын иретке келтирүүгө жана жөнөкөйлөштүрүүгө жардам берет. Ал эми биздин колдонмо бул статуска ээ болууну каалагандар үчүн жол көрсөтүүчү болуп калат», - дейт КР ЭКМдин бизнес чөйрөсүн башкаруу бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов.

Колдонмого бул шилтеме аркылуу кайрылууга болот: https://mineconom.gov.kg/ky/direct/385/395

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу