Мониторингдин жыйынтыктары боюнча 85% сатуучу айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн салмак өлчөөчү аспаптары текшерилген эмес.

Новости
12-Октябрь 2014-ж.
2120

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдөө инспекциясы Бишкек шаарынын мэриясынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен бирге 2014-жылдын 11-12-октябрында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган айыл чарба продукцияларын жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларын сатуу боюнча жарманкелерде колдонула турган салмак өлчөөчү техникаларына мониторинг жүргүзүлдү.

Бул мониторинг Ибраимов – Фрунзе көчөлөрүндө, Жал кичи районунда, Асанбай кичи районунда жайгашкан жарманкеде өткөрүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө 85% сатуучу айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн салмак өлчөөчү аспаптары текшерилбегендиги аныкталды.

Жарманкелерди уюштуруучулар жана сатуучулар тарабынан ченемдердин бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштери улантылып жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу