Соода жана жер казынасын пайдалануу тармагында салык салуунун нормаларын кароо жөнүндө

Новости
26-Август 2022-ж.
1584

2022-жылдын 25-26-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун төрагалыгы алдында “Айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкуулоонун алкагында жыйындар өттү. Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актылары» деген темада кызыкдар мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.


25-августта күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам жана калайдын рудасын, концентратын жана даяр продукциясын саткан тоо-кен казып алуу ишканаларынын кирешесине салык салуу боюнча маселелер каралды.


26-августта ири импортерлордун, өндүрүүчүлөрдүн, базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын, ошондой эле жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын катышуусунда бирдиктүү салыктын ставкалары, сатуудан алынуучу салык боюнча жогоруда аталган Мыйзам долбоору боюнча маселелер талкууланды. 


Ошондой эле жолугушууда Президенттин 2022-жылдын 26-июлундагы “Чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө” жарлыгынын аткарылышы боюнча маалымат берилди.


Ошентип, бул Жарлыкты ишке ашыруу максатында министрлик тарабынан Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору демилгеленген, анын ичинде төмөнкүдөй ченемдер каралган:

- базарларда жана кичи базарларда контролдук-кассалык машиналарды колдонууга киргизүүнүн мөөнөттөрүн узартуу;

- салык салуунун патенттик системасына тиешелүү иштерди оптималдаштыруу.

- субъекттерге жөнөкөй электрондук кол тамганы (логин жана пароль) колдонуу менен салыктык отчетторду берүүгө мүмкүнчүлүк берүү.


Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле жогоруда аталган Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоонун алкагында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү министрликке өздөрүнүн жүйөлүү сунуштарын жана сын-пикирлерин бере ала тургандыгы айтылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу