Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы

Новости
26-Август 2022-ж.
1678

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (мындан ары - ЕӨАК) кезектеги жыйынынын алкагында тогуз маселе каралды.


Жыйынга ЕӨАКтын Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышты. 


ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын Премьер-министри Марреро Круз, Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хулио Антонио Гармендия Пенья, ошондой эле жыйынга чакырылган катышуучу катары Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Идаят оглы Асадов да катышты.


Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин артыкчылыктуу инфраструктуралык транспорттук долбоорлорунун тизмесин бекитилди.


Эл аралык каржы уюму болгон Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын (ЕКК) түзүү жөнүндө макулдашуу боюнча иштердин аякташы тууралуу ЕӨАК мүчөлөрү биргелешкен билдирүү жасашты.


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары өз ара соодада эсептешүүлөрдү ишке ашырууда Биримдик өлкөлөрүнүн улуттук валюталарын колдонууну кеңейтүү маселесин талкуулашты. ЕАЭБдин өнүгүүсү жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын ырааттуу өсүшү өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшүн көбөйтүүнү карайт.


Маалымат үчүн:

7 жылдын ичинде (Биримдик түзүлгөндөн бери) алардын үлүшү 70%дан ашып, 2022-жылга карата 74%га жеткен.


Өкмөт башчылары 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге жеке жактарга сатылган товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды чогултуу боюнча өзгөртүүлөрдү талкуулашты.


ЕӨАК мүчөлөрү Евразия экономикалык комиссиясынын Биримдикте өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмдерин түзүү жана ишке ашыруу боюнча иштин жүрүшү жөнүндө жана  ЕАЭБде алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашуу боюнча иштин жүрүшү жөнүндө тиешелүү отчетторун угушту. 


ЕЭК ЕАЭБде алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу боюнча тараптардын позицияларын жакындатуу, жеке жактарга сатылган товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуу бөлүгүндө Биримдик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти улантат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны ушул жылдын 20-21-октябрында Армения Республикасында өтөт.


ЕӨАК жыйынынын жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер:

– «Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук.

- «Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө» суроонун алкагында билдирүү.

- «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси жөнүндө» буйрук.

- «Өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын колдонууну кеңейтүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө» буйрук.

- «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.

- «Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук.

- «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу