ЕӨАК жыйыны: Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы жөнүндө

Новости
26-Август 2022-ж.
1697

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында кароонун жыйынтыгы боюнча Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуу боюнча иштердин аяктоосу жана Беларусь Республикасы менен Казакстан Республикасы тарабынан ички жол-жоболор аяктагандан кийин анын кол коюуга даярдыгы жөнүндө биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.


Тараптар Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын ишин эрте баштоого салым кошуу ниетин ырасташты.


Маалымат үчүн:

Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы өз ара жана тышкы сооданы стимулдаштыруу, биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруу жана мүчө мамлекеттердин инвестицияларын тартуу максатында түзүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу