«Санариптик көчмөн» («Digital nomad») макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор башталды

Новости
25-Август 2022-ж.
1399

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, чет элдик жарандарга «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор башталды.

Санариптик көчмөн» статусу Кыргызстандын аймагына визасыз, жашаган жери боюнча каттоо жана иштөөгө уруксат, ошондой эле жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтери жок кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берет.

«Дүйнө жүзүндө Digital nomads деп аталган «Санариптик көчмөндөрдүн» санынын өсүү тенденциясы күч алууда. Адамдар иштөө үчүн компьютер жана жогорку ылдамдыктагы жакшы интернет эле керек болсо, дүйнөнүн каалаган жеринен иштей алышат. Пандемия учурунда аралыктан иштөөнүн кеңири жайылган практикасы кеңседе болуунун зарылдыгы жок адистердин белгилүү бир кластерин аныктап, калыптандырды жана бул адамдардын көбү бир нече компанияларда иштешет. Мындай адамдарды Кыргызстанга көчүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бул жөнгө салуучу демилгенин максаты болуп саналат», – деп КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев белгиледи.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу